Калып:Значения

нем. Friedrich Wilhelm Herschel
Туулган жери:

Ганновер, Брауншвейг-Люнебург, ыйык Рим империясы

Каза болгон жери:

Слау, Бакингемшир, Англия

Илимий чөйрөсү:

астрономия

Белгилүү болгондугу:

ачылыштар планеталар Уран
ачылыштар Инфракызыл нурдануу

Белгилүү болгондугу:

ачылыштар планеталар Уран
ачылыштар Инфракызыл нурдануу

Сыйлыктары


Копли Медалы (1781)

Кол тамгасы

Кол тамгасы

Гершель Уильям (Фридрих Вильгельм) (1738-1822), англиялык астроном, жылдыз астрономиясынын негиздөөчүсү, Петербург ИА ардактуу мүчөсү (1789).

Бала чагы түзөтүү

Гершель музыканттын үй-бүлөөсүндө төрөлүп, 15 жашынан баштап оркестрде гобой жана скрипка ойногон, кийин органда ойной баштаган. Бате курорттук шаарында белгилүү музыкант, композитор жана музыка мугалими болуп калат. Анын математикага жана оптикага кызыгуусу акыры астрономияга алып келет.

Гершелдин телескопу түзөтүү

Гершель 35 жашка чыкканда карындашы Каролинанын чакыруусу менен Англияга барганда, фокус аралыгы 76 см телескопко ээ болгондон баштап тагдыры башка жака бурулат. Бул талабын канаттандыра албаганда чоӊ телескоп жасоого зарыл болгон материалдарды болгон каражатына сатып алат. 1774-ж. фокус аралыгы 2 м, диаметри 20 см болгон өзү жасаган телескоп менен Орион топ жылдызындагы тумандуулукту ачат. Эми Гершелдин күндөрү телескоптун күзгүсүн даярдоо менен өтсө, кечкисин концерт, түнкүсүн асманды байкоо менен өтүп жатты. Иниси Александр жакшы механик болгондуктан Германиядан чакырып алат. Каролина байкоолордун жыйынтыктарын ирээттөө жана үй иштери менен кундө 16 саат алек болот. Чакан устаканасы өрттөнүп кеткенден кийин, өз бөлмөсү устаканага айланат. Үйдөгү саймалар, пардалар жана көйнөктүн жеӊдери күзгүлөрдү жылмалоого жумшалып кетет. Гершель ар кандай диаметрдеги 200 ашык күзгү жасайт. 1781-ж. 13-мартта негизги колдонгон телескобу (түтүгүнүн узундугу 7 м, диаметри 0,5 м ) менен Уран планетасын ачат. Бул ачылыш үчүн Лондон королдук коомунун алтын медалы менен сыйланып, коомдун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Оксфорд университетинин докторлугуна шайланып, түбөлүк пенсия чектелет. 1787-жылы Урандын эки спутнигин, 1789- жылы Сатурндун эки спутнигин жана Марстын уюлдук шапкасын ачкан.

1783-жылы 13 жылдыздын өздүк ылдамдыгына салыштырып, Күндүн кыймылынын багытын аныктаган. 800 жүздөн ашык кош жылдыздарды байкаган, алардын 50 жылдыздык системанын реалдуу гравитациялык аракеттенүү бар экендигин далилдеген. Буудайдын түшүмү Күндүн активдүүлүгүнүн менен байланышы болорун байкаган. Саманчы жолунун (Биздин Галактиканын) формасын жана өлчөмүн аныктап, өлчөмүнүн 1/5 бөлүгүнчөлүк кысыларын далилдеген. Космостук эволюция гравитациялык аракеттенүүдөн пайда болорун биринчи болуп айткан.

Каза болгон жылы түзөтүү

Гершель 1822-жылы 23-августа каза болгон. Мүрзөсүнө коюлган ташка "Асман тосмосун талкалаган" деп жазылган.

Адабият түзөтүү

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.