Уилям Стайрон

Уильям Стайрон‎»‎ барагынан багытталды)

Уилям Кларк Стайрон кич. (англ. William Clark Styron Jr.; 1925-жыл 11-июнь — 2006-жыл 1-ноябрь) — өз чыгармалары менен негизги адабий сыйлыктарды утуп алган америкалык жазуучу жана эссеист болгон.

Уилям Стайрон (1989).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Стайрон төмөнкү романдары менен таанымал болгон:

  • "Караңгылыкта жаталы" (англ. Lie Down in Darkness, 1951), анын алгачкы мактоого татыган чыгармасы, 26 жашында жарык көргөн;
  • "Нат Төрнердин моюнга алуусу" (англ. The Confessions of Nat Turner, 1967), 1831-жылы Виржиниядагы кулдардын көтөрүлүшүнүн башчысы Нат Төрнер тарабынан баяндалат;
  • "Софинин чечими" (англ. Sophie's Choice, 1979) — "Освенцимде аман калган полшалык католик кыз жана анын акылдуу бирок психикалык жактан жабыркаган жөөт сүйүктүүсү тууралуу согуштан кийинки Бруклиндеги окуясы түштүктүк жаш шыктандырган жазуучунун көзү менен баяндалат".

1985-жылы ал алгачкы депрессиядан жабыр тарткан. Ушул баштапкы илдеттен кийин бутка турган Стайрон "Көзгө көрүнгөн караңгылык" (англ. Darkness Visible, 1990) аттуу эскермесин жазган. Бул чыгарма менен ал өмүрүнүн акыркы жыйырма жылында белгилүү болуп калган.

Шилтемелер түзөтүү