Уй - сүт эмүүчүлөрдүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы кепшөөчү үй жаныбары (бодо).

Уй.

Азыркы Уйдун түпкү теги - тур. Краниология белгилерине карата Уйлар 4 түргө бөлүнөт:

  1. талаа жана түзөң зонада асыралуучу Европа Уйлары - узун (шаа) мүйүздүү (холмогор, ярославль, Tama, голанд, абердин-ангус, украина кашка ую ж. б. породадагы Уйлар);
  2. тоо жана талаа зонасында асыралуучу Европа Уйлары - кыска (мукур) мүйүздүү ( кострома, швиц, жерси, ангельн ж. б. породадагы Уйлар);
  3. Борбордук Азия Уйлары (калмак, моңгол, кыргыз, казак уйлары ж. б.);
  4. Түштүк Азия менен Түндүк Африкада асыралуучу өркөчтүү Уй (зебу).

Уйдун экстерьери (сырткы түзүлүшү) андан алынуучу азыкка жараша болот. Сүт багытындагы Уйдун дене түзүлүшү узун, териси жука жана жумшак, моюну узун, желини чоңураак келет. Эт багытындагы Уйдун дене түзүлүшү болук, буту менен моюну кыска, желини анча чоң эмес, булчуңдуу, териси калың. Уйдун инектери 20 жылдай, букасы 15-20 жыл жашайт. Саан Уйлар 9-12 жыл сүт берет. Уй физиол. жактан 5 жашка (кеч жетилүүчү породадагылары 6-7 жашка) чейин жетилет. Кунажындар 16-20, букачалар 15-18 айлыгында куутка кошулат. Инектер музоону орт. эсеп менен 285 күн көтөрөт. Уй адатта жалкы тууйт. Эгиз туугандары сейрек учурайт. Жаңы туулган музоонун салмагы 18-45 кг, кээси 60 кгга жетет. Эркек музоонун салм. ургаачысына караганда 1-3 кгга оор болот. Жетилген инектин тирүүлөй салм. 250-300 кг (эң чону 1000 кг), букалары 300-400 кг (эң чоңу 1600 кг).

Уй сүт жана эт алуу үчүн багылат. Сүт багытындагы Уйдун ар биринен орт. эсеп менен жылына 35004000 кг сүт саалат. Эт породасындагы Уйлар сүттү аз берет. Алардан жылына 100-1500 кг сүт саалат. Атайын чыгарылган эт багытындагы Уйлар этти көп берет. Алар тез семирип, жакшы бордолот, эти сапаттуу болот. 1,5-2 жаштагы кунан торпоктордун салм. 400-550 кгга жетет. Орт. семиздиктеги чоң Уйдан 60% сулп эт, 10% май, 17% сөөк чыгат. Уйдан сүт менен эттен тышкары тери сырьесу алынат, сөөгүнөн тоюттук сөөк уну даярдалат ж. б. Уй дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кыргызстанда негизинен ала-тоо, олуя-ата уйлары асыралат. Уйдун негизги ылаңдары: бруцеллёз, туберкулёз, сибирь кулганасы, шарп, селейме, лептоспироз, листериоз, туляремия, чума, финноз, фасцилез ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4