Уйбеде (лат. Trifolium L. 1753) – чанактуу өсүмдүктөр тукумундагы бир, эки жана көп жылдык өсүмдүк. Баалуу тоют. Сабагы жумуру, жалбырагы 3, 5, 9 бөлүктүү. Топ гүлдүү, гүлү кызыл, кызгылт, ак. Сагакта 1-2 (чанда 3-6) уругу болот. Тамырында азот топтоочу уругу болот. Тамырында азот топтоочу түймөк бактериялар болуп, топурактын күрдүүлүгүн арттырат. Европа, Азия, Америка, Австралияда 300дөй түрү белгилүү. Кызыл, кызгылт, ак, перс, александрия У-си эгилет. Кызыл У. – эки жана көп жылдык өсүмдүк. Бийикт. 40-65 см, бутактама. Жалбырагы үчтөн, тегерек, ортосу агыш темгилдүү. Тоют өсүмдүгү катары 14 к-дан Түндүк Италияда маалым. 100 кг чөбүндө 20,00 тоют бирдиги, 2,7 кг сиңимдүү протеин болот. 1 га жерден 400 ц көк чөп, 60-80 ц чөп, 3 цге чейин урук алынат. Тоют үчүн чөп менен аралаш себилет. Ак У. көп жылдык жайыт түзүүдө кеңири эгилет. Негизинен кара топураксыз зонада, Сибирде жана башка райондордо өстүрүлөт. Башка дан өсүмдүктөрү менен аралаш айдалат. Кыргызстандын бардык жерде өсөт.

Trifolium montanum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү