Уйку безитамак сиңирүүчү ири без.

Кишинин уйку бези жана он эки эли ичегиси: 1, 2, 3— уйку бези; 4— уйку безинин түтүгү; 5— упчу сымал тешик; 6— өт агуучу түтүк; 7- он эки эли ичеги; 8— боор түтүгү; 9— өт баштыгы.

Түзүлүшү

түзөтүү

Ал эки бөлүктөн туруп, эки түрдүү милдет аткарат. Анын сырткы секреция бөлүп чыгаруучу бөлүгү өзүнүн зилин он эки эли ичегиге бөлүп чыгарат. Бул зилдин составында белок заттарын, майларды жана углеводдорду ажырата турган ферменттер бар. Уйку бези бир суткада 1,5 лге чейин зил бөлүп чыгарат. Бирок, көп учурда уйку бези бөлүп чыгарган зилдин өлчөмү жана химиялык составы ичкен тамактын түрүнө да жараша болот. Мисалы, уйку бези сүткө караганда нанга зилди көп бөлүп чыгарат.

Жайгашуусу

түзөтүү

Уйку бези карындын артында 1—2-бел омурткасынын тушунда туурасынан жатат. Узундугу 12 —15 смче келип, жоонураак келген баш жагынан, денеден жана куйрукчадан турат. Баш жагын он эки эли ичеги (жумур) курчап жатат. Уйку безинин ар бир бөлүгү түтүкчөлөрү бар майда без баштыкчаларынан турат. Акыры бардык майда түтүкчөлөр чогулуп, анын негизги өткөөлүн түзөт.
Бул өткөөл уйку безинин куйругунан башына чейин жетип, жумурга барып куят. Ал эндокрин (ички секреция) безине кирет да, инсулин гормонун бөлүп чыгарат.
Уйку безинде гормон — инсулиндин пайда болушунун бузулушу кант диабетине чалдыктырат.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8