(1932 – 1989)

Адабий сынчы Кымбатбек Укаев Быстровка районундагы Жаңалыш кыштагында 1930-жылы туулган. 1948–1952-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде, 1952–1954-жж. аспирантурада окуган. Андан кийин «Советтик Кыргызстан» журналынын сын жана библиография бөлүмүнүн башчысы жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий консультанты, Кыргызстан мамлекеттик окуу-педагогиялык басмасында балдар адабиятынын улук редактору, 1963-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1975-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакторунун орунбасары, 1986-жылдан «Чалкан» журналынын башкы редактору болгон.
1974-жылы К.Укаев «Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери» деген ардактуу наам, 1975-жылы СССР Журналисттер союзу-нун сыйлыгынын лауреаты деген наам ыйгарылган.
К.Укаев бир нече сын макалаларын жазып, республикалык басма сөз беттерине жарыялаган.
К.Укаев 1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1963-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. К.Укаев В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Турмуш жана ыр: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 135 б.

Жол чакырат: Очерктер, репортаждар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 38 б.

Сөз кудурети: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 159 б.

Мезгил талабы: Публицистикалык макалалар, очерктер, сатиралык аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 121 б.

Орус сөзү: Публицистикалык жана адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргыз-стан, 1975. – 105 б.

Ыр нөшөрү: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 232 б.

КОТОРМОЛОРУ

Анекдоты муллы Насреддина: Рассказы. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 107 б.

Свифт Д. Путешествия Гулливера: Роман. – Ф.: Мектеп, 1965. – 376 б.

Нурпеисов А. Кан менен тер: 3 китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1981.

Свифт Д. Гулливердин саякаты: Роман. – Ф.: Мектеп, 1985. – 348 б.

Абдыкадыров К. Ажымукан баатыр: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 296 б.

Ауэзов М. О. Лихая година: Повесть и роман. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 432 б.