"Укмуштуу Халк" (англ. The Incredible Hulk, орус. Невероятный Халк) - 2008-жылы "Marvel Comics" каарманы Халкка негизделип, "Marvel Stuios" өндүргөн жана "Universal Pictures" жайылткан америкалык супер баатыр тасма. Тасманы Луи Лотерье тартып жана сценарийин Зак Пен жазган. Тасмада роль жараткандар: Эдвард Нортон, Лив Тайлер, Тим Рот, Тим Блейк Нелсон, Тай Буррел жана Уиллиям Херт. "Укмуштуу Халк" тасмасында гамма радиациясы аркылуу супераскер программасына күч бериш үчүн, аскерий системада Брюс Баннер макулдуксуз түрдө Халкка айланат. Качкында жүргөн учурда Генерал Таддеус Росс туткунга алганга чейин, Халк өзүн даарылоого аракет кылат. Бирок укмуштуу күчкө ээ болгусу келген Эмил Блонски Халктан да зөөкүр жанга айланып, Халктын эң коркуп жаткан ою ишке ашат.

"Укмуштуу Халк" - 2008-жылы, 8-июнда Калифорния штатынын "Universal City" шаарындагы Гибсон кинотеатрында алгачкы жолу көрсөтүлгөн жана башка аймактарда 2008-жылы, 13-июнда көрсөтүүгө берилген. Тасманын мыкты визуалдык эффектилери, экшндын ырааттуулугу жана баш каармандын аткаруусу сынчылардын алкышына ээ болгон. Тасма дүйнө жүзү боюнча 263 миллион АКШ долларын табуу менен эң кирешелүү тасмалардын катарында биринчи орунду ээлеген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү