Укмуштуу шилби (лат. Lonicera paradoxa, Pojark) - Бийиктиги 1,5 м ге чейин жеткен жапыз, ксероморфтук көрүнүштөгү бадал, көп жылдык бутактарынын кабыгы боз, катталган; бутактары кыска, жаш бутактары сары, кыска жана жыш түктүү. Жалбырактары майда, эллипстей, түбү шынаадай, канаттай айчыктуу, төмөнкүлөрү бүтүн, жалбырак сабы кыска, кылдай-безчелүү түктүү. Шилбилердин ичинен жалбырактары айкын айчыктуу болгон жалгыз түр. Гүлдөрү жуп, гүл сабы кыска, безчелүү, түктүү жана жалбырак колтугунда орун алган. Мөмөлөрү шар сымал тоголок, бош, кызыл.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт. Уругу менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы. Мурунку учурда бул түр Түркстан жана Алай тоо кыркаларынын түндүк беттеринде ( Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан) кеңири таралган; азыркы кезде ареалы үзгүлтүктүү: Алай тоо кыркасында ( Кыргызстан) Курбанкөл көлүнөн жогору Көксуу суусунун капчыгайынан гана белгилүү; Республиканын чегинен тышкары Түркстан тоо кыркасында сакталып калган ( чыгыш бөлүгүндөгү Миңтеке дарыясынын капчыгайынан жана борбордук бөлүгүндөгү Кусавлысай капчыгайынан) ; мындан тышкары Заравшан тоо кыркасынын түндүк бетиндеги Демиор капчыгайы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ири таштуу, адырлуу тоолордун этектериндеги акиташтуу аскалар жана жыш өскөн бадалдардын, шалбаалуу-боздоңдордун топторунун жана сейрек өскөн арчалуу токойлордун арасындагы, деңиз деңгээлинен 2000-3000 м ге чейинки бийиктиктерде.

Саны түзөтүү

Деградацияга дуушар болуп, аянты өтө чектелген төрт жерде өсөт. 1969-жылдан 1973- жылга чейин Алай тоо кыркасында экземплярларынын саны 22 ден 12 ге чейин азайган. Түркстан тоо кыркасында 20 экземпляр кездешет. Жалпы саны 30-40 түптөн ашпайт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Чарбачылык жактан территорияларды өздөштүрүү. Уругу аркылуу көбөйүүсү жок. Жергиликтүү калк тарабынан отун катары пайдаланылат.

Өстүрүү түзөтүү

Эч кандай маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин (1984 ж.) жана Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985ж.) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн азыркы кездеги абалын, биологиясын жана экологиясын изилдөө. Жайгашкан аянтында, Курбанкөлдүн бассейнинде ботаникалык заказник уюштуруу керек.

Статусу түзөтүү

CR B2ab( i i i ) . Үзгүлтүктүү (дизүюнктивдүү) ареалдуу, реликт, эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү