Укук тартиби – укукка негизденген жана мыйзамдуулуктун принциптерин жана идеяларын ишке ашыруунун натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин, алардын катышуучуларынын укук ченемдүү жүрүм-турумдарынан көрүнгөн ирээттүүлүгү. Укук менен жөнгө салынган коомдук мамилелердин белгилүү бир абалы катары У. т. баардык жарандар, органдар жана уюмдар тарабынан юридикалык милдеттенмелердин аткарылышынын, субъективдүү укуктарды камсыз кылуунун жана жүзөгө ашыруунун, мыйзамдуулукту сактоонун айкын деңгээли менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү