Укук тутуму
Укук тутуму – бирдиктүү (коомдогу милдети боюнча), ичара шайкештелген, ылайыкташкан ченемдерди, укуктун тармактары жана институттары деп аталган белгилүү бир бөлүктөргө бөлүүдө турган улуттук укук түзүлүшү. Укук тармактары укук институттарына бөлүнөт (м.: жарандык укук тармагы, менчик укугу, милдеттенме укугу, автордук укук, мурастоо укугу ж. б. институттарга бөлүнөт).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7