Улакол-Семизбел өрөөнү – Ички Теңиртоодогу өрөөн. Тескей Алатоонун түн. тармактары — Тегерек, Кыргоожунай, Каракүнгөй, Борке тоолору м-н курчалган.

Кеңдик багытында 34 кмге созулуп жатат; туурасы 4 км. Деңиз деңг. Бийикт. 2100–2700 м. Өрөөндү курчаган тоолордун анын таманынан салыштырмалуу бийикт. 600–1200 м. Таманы чыгыштан батышка карай бийиктейт (орт. Бийикт. 2400 м). Төртүнчүлүк мезгилдин чопо, кум, шагылдары м-н толгон. Курчаган тоо капталдары төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит, диорит интрузия тектеринен турат. Климаты кургак, мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —5°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 200 мм. Өрөөн аркылуу Борке, Туурасуу, Улакол суулары агып өтөт. Негизинен жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафты басымдуу; талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары өрөөндүн түш. капталында кездешет. Жайыт.