Улан (шамал) - Ысык-Көл ойдуңуна батыштан, Боом капчыгайынан катуу соккон жергиликтүү кургак шамал.

Улан Боом капчыгайында түндүк-батыштан келген муздак аба массасынан пайда болуп, чыгышта Чырпыкты айылынын тушуна чейин жетет. Көбүнчө жаз жана күз мезгилдеринде согуп, калган мезгилдерде басаңдап калат. Жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, айрым жылдары 40- 100 күнгө чейин согуп турат. Ылдамдыгы 15 м/секдан ашкан шамалдын орточо узактыгы 5-10 саатка, айрым мезгилдерде 1-3 суткага созулат. Эң катуу соккон учурдагы ылдамдыгы (орто эсеп менен 10 минута ичинде) 30 м/секга, кээде 40 м/секга чейин жана андан да ашат. Шамалдын эң жогорку ылдамдыгы жер бетинде же атмосферанын төмөнкү 200 метрлүү катмарында байкалат. Улам жогорулаган сайын 1300 мден 1400 мге чейин шамалдын ылдамдыгы төмөндөп, андан жогорку тропосферанын төмөнкү жана ортоңку катмарларында аба массасынын жалпы циркуляциясына байланыштуу ал кайра күчөйт. Улан катуу башталып, токтоор маалда тез басылат. Шамал жүргөндө жаанчачын жаабайт; булуттуулук 5-7 балл болот.

Шамал жүрөөр алдында абанын температурасы орто эсеп менен 1-3°Сге жогорулайт, бороон учурунда 5-7°Сге чейин төмөндөйт. Ал эми салыштырмалуу нымдуулук тескерисинче болот, бирок аз гана (5-10%тей) өзгөрөт. Абанын температурасы менен салыштырма нымдуулугунун мындай өзгөрүшү аба массасынын өрөөнгө тоодон ашып түшкөн учурунда анын жылымдашына байланыштуу (адиабаталык жылымдоо) закон ченеминин натыйжасында аба массасы 200 м төмөндөгөндө 10Сге жогорулайт. Курамында «улан» компоненти катышкан топонимдер моңгол тилинин негизинде түзүлгөндүгү, ал кыргыз тилинде «кызыл» маанисин бере тургандыгын топонимдерди изилдөөчүлөр ырасташкан. Ошондуктан «Улан» Ысык-Көл, Нарын, Ат-Башы өрөөндөрүндөгү тоолордун, жерлердин, ашуулардын, суулардын, Шаймердендин алабындагы суунун аттары, «Уланбулак» (Ысык-Көл өрөөнүндөгү булактын аты) топонимдери ушул жерлердин кыртышынын түстөрүнөн улам аталып калган деп эсептөө чындыкка ылайык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2