Улар (лат. Tetraogallus) - куштардын кыргоолдор тукумундагы уруусу.

Tetraogallus tibetanus.

Узундугу 60 сантиметрге, салмагы 3 килого жетет. Денеси чымыр, буттары күчтүү. Эркегинин текөөрү бар. Канаттары кыска, жазы, куйругу чолок. Боз түстө, кара тактары бар, капталы жана мойнунда кызгылт-күрөң чийиндери болот. Моногамдар, уясын токойдо жерге салып, 5-9 жумурткасын 1 айча басат. Өсүмдүк бүчүрү, гүлү, уругу, курт-кумурска менен азыктанат. Улардын 5 түрү Кавказ, Түштүк Сибирь, Азиянын тоолорунда кезигет. Кара боор Улардын 1 түрчөсү Кыргызстандын тоолорунда учурайт. Эти үчүн анчылык жасалат.

Түрү түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4