Улизко, Василий Иванович

Улизко Василий Иванович (1920, Украина, Донецк облусу, Киров району, Лиденовка айылы — 1980, Манас району, Талас айылы) — айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалистик Эмгектин Баатыры (1966).

Улуу Ата Мекендик согуштун катыш уучусу. 1949-жылдан Манас районундагы «Талас» колхозунун башкармасынын төрагасы. Ал жетектеген колхоздо жыл сайын малдын саны арбып, кунардуулугу жогорулаган.
1965-жылдан эгиндерин өндүрүү 1959-жылдагыдан 27%ке көбөйгөн. 1962—74-ж. СССР Жогорку кеңешинин депутаты, Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган. Ысмы айылдагы мектепке жана бир көчөгө коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.