Улуттук музыкалык аспаптар
Улуттук музыкалык аспаптар
Кыргыз эли коңшулаш элдерден рухий дүйнөсүнүн өз бөтөнчөлүгү, оригиналдуулугу менен айырмаланган, жогорку көркөмдүктөгү маданий мурас жарата алган. Анын өзгөчөлүгү, өз алдынча стилге ээ экендиги музыкалык аспаптардан ачык көрүнөт.
Кыргыздын музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта , ырым-жырым, үрп –адаттарында жана башка кеңири колдонулуп келгендигинде.
Кыргыз эли колдонуп келген музыкалык аспаптар анын турмуш тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгону жалпыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө, элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгизбей койгон эмес.Ошондуктан аспап өткөн замандын музыкасына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөлүктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү анын калдыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жашап келаткан элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден бир күбөсү.
Элибиздин өткөн тарыхын, маданиятын, кылымдарды камтыган салт-санаасын, эстетикалык касиетин, көркөм дүйнөсүн үйрөнүүнүн негизги булактарынын бири болгон музыкалык аспаптардын баалуулугу, керектүүлүгү мына ушунда.
Колдо болгон маалыматтарга караганда байыркы Енисей кыргыздарынын музыкалык аспаптары жөнүндөгү эскерүүлөр Тан дооруна тийиштүү жазуу даректерине барып такалат. Ал маалыматтар 7-10- кылымдарды камтыйт. Мындай маалыматтар өзгөчө өткөн кылымдагы географ-саякатчылардын, тарыхчы этнографтардын сапардагы кезде жазган эскерүүлөрүндө, илимий эмгектеринде арбын кездешет. Алсак, Семенов-Тянъ-Шанский, Н.Северсев, Ч.Валиханов Ф.Поярков , Г.Загряжский, С.Дмитирев жана башка элибиздин турмуш тиричилигинин өзгөчөлүгүн сыпатто менен катар анын музыкалык аспаптары жөнүндө да маалыматтарды беришкен.
1870-1883-жылдары жергебизде болуп кетишкен музыканттар А.Эйгор, француз саякатчысы Г.Капюно элибиздин бир нече музыкалыкаспабы тууралуу жазуу менен чектелбестен, аткарылган күүлөрдүн кээ бир үлгүлөрүн нотага түшүрүп калтырышкан
Музыкалык аспаптардын ичинен кыргыз элинде кеңири тараганы комуз жана кыл кыяк.
Комуз – кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Түрк элдеринде тартма, кылдуу жанакакма кобус (хобус), кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптар бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экендигин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут карагай, арча жапан, тал өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсүбышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз баш, моюн, тулку, чара, калпак, тепкек, үч кулак , үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен бир кыл гана жасашкан.
Кыл кыяк – улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу – 65-70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасынан кичинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын тээги үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жанып ойнойт. Кылды аспапка тагаарда аны таза жууп, карагайдын чайырын сүйкөйт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу , күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат. Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын, элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон күүлөр менен катар комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат. Булардан тышкары кызгыздардын чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, керней, сурнай, добулбас өңдүү музыкалык аспаптары болгон.