Улуттук олимпиялык комитет

Улуттук олимпиялык комитет (УОК, International Olimpuc Committee, IOC) - азыркы олимпиялык кыймылдын жогорку жетекчи органы.

Парижде 23-июнь 1884-ж. Эл аралык конгрессте фр. коомдук ишмер П. де Кубертендин демилгеси менен уюшулган. УОК ар бир өлкөнүн олимпиялык кыймылын жетектеп, өлкөнүн атынан эл аралык олимпиялык оюндарга катышкан уюм. У. о. к-тин максаты - олимпиялык кыймылды өз өлкөсүндө өнүктүрүү, улуттук спорт уюмдары менен биргелешип иштөө, спортчуларды олимпиялык оюндарга катышууга даярдоо, оюн өткөрүлүп жаткан жерге жеткирүү, аларды жайгаштыруу. Улуттук олимпиялык комитетке 205 өлкөнүн улуттук олимпиялык к-ттери кирет, а. и. Кыргызстан УОК да бар. КРде УОК 1991-ж. түзүлүп, 1992-ж. Эл аралык олимпиялык к-тке, Азиянын олимпиялык кеңешине мүчө болгон. Өлкөдөгү ар түрдүү спорт федерациялары менен иш алып барат. 1995-ж. спорттун 25 түрү боюнча улуттук федерациялары эл аралык спорт уюмдарына мүчө болгон. Бул аларга олимпиялык жана Азиялык оюндарга, дүйнөлүк жана континеттик биринчиликтерге, кубок үчүн мелдештерге ж. б. катышууга мүмкүндүк берет. КРдин ар бир жараны өз эрки менен УОКтун мүчөсү болууга укуктуу. УОКтун жетекчилиги аткаруу к-тинен жана президенттен турат. 4 жылда бир отчёттук кайра шайлоо конф-ясында шайланат. КРде УОКтун биринчи президенти - Э. Кутманалиев. 2013жылдан М. Саралинов.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4