Улуттук эсеп - бир жылда коомдук жалпы продукту менен улуттук кирешенин алынышын, бөлүштүрүлүшүн жана пайдаланылышын көрсөтүүчү таблицалар системасы; экономиканын ар кандай секторундагы өндүрүш, кирешелердин булагы, баалар, товарлардын ар кандай түрлөрүн сатып алууга жумшалган чыгымдар жөнүндө иреттүү маалымат берүүнүн белгиленген жолу.

Улуттук эсеп маалыматынын негизинде өлкөнүн экономикалык иш-аракетинин акыркы жыйынтыгынын абалы аныкталып, улуттук дүң продукция менен улуттук кирешенин көлөмү эсептелинет. Улуттук эсеп өз ара байланышкан эсептерден жана баланстык таблицалардан турат. Ар бир эсеп бир тарабында булактары, ал эми экинчи тарабында анын пайдаланылышы боюнча жайгашат. Көптөгөн өлкөлөрдө Улуттук эсептин 1968-ж. БУУ кабыл алган стандарт системасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4