Улуу түздүктөр (Great Plains) – АКШ менен Канаданын аймагында жайгашкан тоо этегиндеги плато.

Түндүк Америка Кордильерасын чыгыштан курчап жатат. Уз. 3600 км, туурасы 500-800 км. Түндүк Америка платформасынын кембрийге чейинки кристаллдык фундаментинде түзүлүп, аки таш, кумдук, ошондой эле лёсс сымал кумай топурактуу катмар менен капталган. Чыгыштан батышты карай 500 леден 1700 м бийиктикке чейин көтөрүлөт. Аскалуу тоолордон башталган ири суулар Улуу түздүктөрдү бийик тектирчелер аркылуу өзүнчө супа тоолорго (түндүк бөлүгүндө - Альберт, борбордук бөлүгү - Бийик түздүктөр жана Миссури, түштүгүндө - Эдуардс, Льяно-Эстокадо) бөлөт. Аймактын түштүгүндөгү ЛьяноЭстокадо жана Эдуардс платолоруна рельефтин эолдук терс (борпоң тектерин шамал учуруп кеткен ойдуңдар) жана карст формалары мүнөздүү. Борбордук бөлүгүндө бийиктиги 2207 мге жеткен тоолор калдыгы (Миссури платосундагы Харни-Пик чокусу; Улуу түздүктөрдүн эң бийик жери), чет жакаларында терең жарлар, бедленддер кездешет. Түндүгүндөгү платолор дөбөлүү-мореналык мүнөзгө ээ. Нефть, таш көмүр жана күрөң көмүр, табигый газ, алтын, уран, калий тузу казылып алынат. Климаты континенттик, түндүгүндө мелүүн, түштүгүндө субтропиктик. Январдын орточо температурасы -28°Сдан (түндүк) 12°Сге (түштүк) чейин; июлдуку 13°С жана 28°С. Жылдык жаанчачыны 250-600 мж. Чаңдуу катуу шамалдар жана алаамат торнадолор болуп турат. Дарыяларынын көбү (Миссури, Арканзас ж. б.) Миссисипи д-нын алабына кирет. Түштүктөгү майда суулар Мексика булуңуна куят. Суулары жазында жана жайында ташкындап, ирилери сугатка пайдаланылат. Негизинен талаа өсүмдүгү (грам, бизон чөбү) басымдуу; түндүгүнө токойлуу талаа, түштүгүнө субтропиктик саванна мүнөздүү. Жаныбарларынан койот, ача мүйүз антилопа, сасык кашкулак, чүткөр, кемирүүчүлөр ж. б. кездешет. Токой жана талаа бизондоРУ улуттук парктарда гана сакталып калган. Ири улуттук парктары - Теодор Рузвельт, БэдЛэндс, Уинд-Кейв (АКШ), Вуд-Буффало, ЭлкАйленд (Канада). Улуу түздүктөр- АКШ жана Канаданын негизги а. ч. аймагы. Түндүгүндө жана чыгышында кайрак жана сугат жер дыйканчылыгы, кургакчыл батышында жайытта багылуучу мал чарбасы өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4