Ультиматум (лат. ultimatum – аягына чейин алпаруу)

1. эл аралык укукта бир мамлекеттин экинчисине оозеки же жазуу түрүндө жиберген дипломатиялык нотасы. Анда көрсөтүлгөн шарт-талаптарды белгилүү бир мөөнөттө кыйшаюсуз аткаруу талап кылынат да; аткарылбаса, ага карата ар кандай чаралар көрүлөт. Мисалы, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүнү токтотуу, дипломатиялык мамилени үзүү, реторсияларды, репрессалияларды жасоо;

2. коркутуп-үркүтүү жолу менен чечкиндүү талап коюу. Күч колдонуу аркылуу коркутуп-үркүтүп, үстөмдүк кылуу ООНдун Уставына шайкеш келбейт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү