Ультрамикроскоп – өлчөмдөрү кадимки жарык микроскобунун ажыратуу чегинен кичине болгон өтө майда (коллоиддик) бөлүкчөлөрдү көрсөтүүчү оптикалык прибор.

Ультрамикроскоптун жардамы менен мындай бөлүкчөлөрдү байкоо мүмкүнчүлүгү андагы жарыктын дифракциясы менен шартталган. Күчтүү бурчтук жарыктандырууда байкоочуга Ультрамикроскоптогу ар бир бөлүкчө караңгы фондо жаркырак чекит түрүндө көрүнөт. Дифракциянын натыйжасында майда бөлүкчөлөрдөн жарык өтө аз чачырайт. Ошондуктан Ультрамикроскопто жарыктын өтө күчтүү булагы колдонулат. Жарыктаныштын интенсивдүүлүгүнө, жарык толкунун узундугуна, бөлүк-чөнүн жана чөйрөнүн сынуу көрсөткүчүнүн айырмасына жараша байкалуучу бөлүкчөлөр ~(2–50).10-9м өл-чөмгө ээ. Дифрациялык так боюнча бөлүкчөнүн чыныгы өлчөмүн, формасын жана структурасын аныктоо мүмкүн эмес. Бирок, Ультрамикроскопту колдонуу менен бөлүкчөлөрдөгү концентрациянын бардыгын жана сандык маанисин тактоо, алардын кыймылын изилдөө, о. эле, эгерде алардын салмактык концентрациясы жана тыгыздыгы белгилүү болсо, бөлүкчөлөрдүн орточо өлчөмдөрүн эсептөөгө болот. Ультрамикроскопту 1903-ж. нем. физиги Г.Зидентопф жана австрал. химик Р.Зигмонд ойлоп табышкан. Ультрамикроскопту дисперстик системаларды изилдөөдө, атмосферадагы абанын, суунун тазалыгын көзөмөлдөөдө, оптикалык тунук чөйрөлөрдүн бөтөн нерселерди кошуу менен булгануу даражаларын изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү