Умаров Ибрагим
Умаров Ибрагим (1922-ж. т., Чычкан айылы) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1963-80).
- 1941-45-ж. Атамекендик согушка катышкан.
- 1952-ж. Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн. Кыргызстан КП Токтогул, Үчтерек райкомдорунун 2-,
- 1секретары, Токтогул райондук аткаруу комитетинин төрагасы,
- 1961-63-ж. Токтогул атындагы совхоздун директору,
- 1965-68-ж. Кыргызстан КП БКда инспектор,
- 1968-78-ж. партиянын Алай райкомунун 1-секретары болуп иштеген. Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5