Уоллис жана Футуна (Wallis et Futuna), Уоллис жана Футуна аралдар аймагы (Territoire des lies Wallis et Futuna) - Франциянын «деңиздеги алыскы коому.

Уоллис жана Футуна

Тынч океандын түштүк-бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Тувалу, түштүгүнөн Самао, түштүк-чыгышынан Тонго, батышынан жана чыгышынан Фижи менен чектешет. Аралдын курамына 3 ири (Увала, Футуна, Алафи) жана 22 майда аралдар кирет. Туруктуу калк жашаган аймагы - Увеа жана Футуна. Аянты 274 км2. Калкы 12,2 миң (2013). Борбору - Мата-Уту. Расмий тили - француз тили.

Акча бирдиги - француз (контор) тынч океандык франкы. Аралдын аймагын (Футуна жана Алафи) 1616-ж. голландиялык деңиз саякатчылары Виллем Схаутан менен Якоб Лемер, Увеа а-н англиялык деңиз саякатчысы С. Уоллис ачкан. 1888-жылдан протекторат. 1961-жылдан Франциянын «деңиздеги алыскы департаменти», Учурдагы статуеуна 2003-жылдан ээ. Рельефи өтө тилмеленген. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Айлык орточо температурасы 25-26°С. Жылдык жаан-чачындын саш 2500-3000 мм. Ноябрдан апрелге чейин жаан чачын көп жаайт. Экономикасында Франциядан алган субсидиа, чет өлкөлүк кемелерге балык кармоо үчүн лицензия сатуу, Жаңы Каледонияга келип иштеген арал жарандарынын акча которуусу чоң роль ойнойт. ИДПнин көлөмү 188 млн АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 12,8 миң доллардан туура келет. Ошондой эле айыл чарбада маанилүү орунда. Чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалат. Жыгач даярдалат. Кокос пальмасы, нан дарагы, ямс, таро банан өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк (жыгачтан буюм-тайым жасоо) өнүккөн. Деңиз порттору: Мата-Уту, Леава (Футуна а-нда).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4