"Уолл-стрит карышкыры" (англ. The Wolf of Wall Street, орус. Волк с Уолл-стрит) — 2013-жылы тартылган Американын биографиялык кара тамашалуу[4] криминалдык тасмасы. Режиссеру Мартин Скорсезе. Сценарийи Жордан Белфорттун ушул эле аталыштагы мемуарына негизделип жазылган, автору — Теренс Уинтер. Белфрот Нью Йоркто брокер болуп иш баштап, анын Стрэттон Окмонт фирмасы кантип Уолл Стриттеги коррупциялык жана алдамчылык иштерге аралашып калганы жана жыйынтыгында кулашы тууралуу баяндалат. Леонардо Дикаприо (тасманын продюсерлеринин бири да болгон) Белфроттун образын жаратат, ал эми Жона Билл анын ишкердик боюнча өнөктөшү жана досу Донни Азофтун ролун аткарат. Маргот Робби (экинчи аялы Наоми Лапаля) жана Кайл Шандлер (аны кармап кулатууга аракет кылган ФЧКнын тыңчысы) катышат. Мэттю Макконахи, Роб Райнер, Жон Фавро, Жоанна Лумли жана Жан Дужардин да тасмага тартылышкан. "Уолл-стрит карышкыры" Скорсезе менен Дикаприонун биргелешип тарткан бешинчи тасмасы (Нью Йорктун кескилери 2002, Авиатор 2004, Кеткендер 2006 жана Терезе арал 2010 кийин) жана Уинтер менен чогуу тарткан экинчи тасмасы (Мыйзамсыз империя 2010-2014 кийин) болуп калган.

Тасма киносынчылардын көбүнесе оң ой-пикирине татыган. Скорсезенин режиссурасы, Дикаприонун тамашалуу аткаруу чеберчилиги жана ылдам анан туруктуу юмор алкоо алган. Кинотасма бир нече сыйлыктарга, анын ичинен 86-Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Скорсезе), "Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий" (Уинтер), "Эң мыкты эркек актер" (Дикаприо) жана "Эң мыкты экинчи пландагы эркек актер" (Хилл) наамдарына көрсөтүлгөн. Эч кайсы категория боюнча жеңишке жеткен эмес. Бирок 71-Алтын глобус сыйлыгынын "Эң мыкты актер — Эң мыкты тасма мюзикл же комедия" сыйлыгын утуп алган. Алтын глобустун "Эң мыкты тасма" номинациясына да көрсөтүлгөн. Ошондой эле тасма гильдиялардын жана киносынчылар бирикмесинин наамдарына татыган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү