"Уотершип дөңсөсү" (англ. Watership Down) — англиялык жазуучу Ричард Адамстын фэнтези романы. Лондондогу Rex Collings Ltd тарабынан 1972-жылы басылып чыгарылган. Англиянын түштүгүндөгү окуялады чагылдырган чыгарма коёндордун кичинекей бир тобу тууралуу баяндайт. Алар табигый шарттарда жашаса да адамдар сыяктуу өз маданиятына, тилине, накыл сөздөрүнө, поэтикалык чыгармаларына жана уламыштарына ээ болот. Эпикалык темаларды козгогон роман уюгу бузулуп, жаңы үй издөөгө чыккан коёндорго жана жолдо алардын коркунучка жана азгырыктарга туш болушуна окурмандарды жетелейт.

"Уотершип дөңсөсү" — Ричард Адамсдын биринчи романы. Чыгарма бир нече басмаканалар тарабынан чекте кагылган болсо да кийин аны Collings кабыл алып, ал жылдык Карнеги медалын, жылдык Гардиан сыйлыгын жана башка китеп сыйлыктарын утуп алган. Ал 1978-жылы "Уотершип дөңсөсү" анимациялык тасмасына ылайыкташтырылган. Кийинчерээк 1999-жылдан 2001-жылга чейин көрсөтүлгөн "Уотершип дөңсөсү" аттуу киносериал да тартылган.

Адамс "Уотершип дөңсөсүнөн жомоктор" аттуу чыгарманын уландысын дээрлик 25 жыл өткөндөн кийин жазып бүтүргөн. Ал Эл-ахрария жана Уотершип дөңсөсүндөгү уюкта жашаган коёндор жөнүндөгү 19 кыскача аңгемелер жыйнагы болуп эсептелет. Анда "Сөздөрдүн айтылышы боюнча эскертмелер" жана "Лапин глоссарийи" тиркелген.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү