Ураган (фр. ougragan) - кыйраткыч күчкө ээ (35 м/секдан жогору ылдамдыкта, Бофорт шкаласы боюнча 12 балл) болуп, узак убакыт бою соккон шамал.

Түндүк жана Түштүк Америкадагы тропиктик циклондун аталышы (кариб индейлеринин шамал кудайынын атынан). Адам өмүрүнө зыян келтирип, көп чыгымдарды алып келген ири Урагандар: Катрина (2005; АКШнын Луизиана, Миссисипи штаттары), Эндрю (1992; Багама а., АКШнын Флорида штаттары), Сэнди (2012; Чоң Антиль а., АКШнын Нью-Жерси, Нью-Йорк штаттары, Канаданын Торонто ш.) ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4