Урду - пакистандыктардын тили; Пакистандын расмий тили; Индиянын азыркы адабий тилдеринин бири.

Пакистан, Дели, Бомбей, Хайдарабад жана Индия, Фиджи, Англия, Канада, АКШ, Норвегияга тараган. Индевропа тилдеринин инди-арий тобуна кирет. 13-14-кылымда кхариболи диалектисинен өөрчүп чыккан. 17-кылымдын акырында адабий тилге айланган. Бул тил Урду наамын 19-кылымда алган, ага чейин «рехта» аталган. Жазуусу араб графикасынын негизинде калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4