Уремия — өмүргө коркунучтуу оор абал.
Бөйрөктүн катуу кармаган жана өнөкөт оорусунан бөйрөк иши бузулганда заарадагы уу заттар, шлактар организмде кармалып адамды ууландырганда болот. Уремияда ар түрдүү азот, белок, углевод, май, гормон, фермент, туздар, суулар жана башкалар заттар толук иштелип чыгарылбай уу зат катары клеткаларда кала берет. Мындай учурда суу-туз, кислота-жегичтик тең салмактуулук бузулуп, электролиттер (калий, натрий, хлор жана башкалар) көбөйөт, ткандар дистрофияланат, нерв жана гормондук жөнгө салуу бузулуп, бардык органдар менен системалардын бузулушуна алып келет.

Уремия

Түрлөрү түзөтүү

Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар.

  • Катуу кармаган уремия ар түрдүү кырсыктан кийин — кан жоготуу, булчуң ткандарынын эзилип, жанчылышы (миолиз), электр тогуна урунуу, күйүү, үй шартында аборт жасатуудан жана башкалар пайда болот. Бөйрөктүн ички кан айлануусу бузулганда, бөйрөктүн өнөкөт таш оорусу, сезгениши (пиелонефрит, нефрит), простата безинин аденомасы жана башкалар бөйрөк оорулары өнөкөт уремияга алып келет.

Алгачкы белгилери түзөтүү

Анын алгачкы белгилери: уремия менен жапа чеккен оорулуу көңүлсүз, алсыз болуп бат чарчайт, уйку качат, бети шишимик, кер сары тартат, тери кургап бырышат, түлөйт, денеси кычышып, тынчы кетет. Ооздун ичи жараланып, тил көчүп, ооздон аммиак жыттанат. Муундар шишийт да, буттун булчуң эттери качып, күчү кетет, сөөк сыздап, басуу кыйындайт.

Дарылоо түзөтүү

Убагында дарылабаса ооздо тамактын даамы сезилбей, кулак жакшы укпай, көз начарлайт. Уремия күчөй берсе кусуп, кан аралаш ич өтүп, кабылдоо өпкө, жүрөккө тарап, дем алуу кыйындап энтигүү, кырылдоо пайда болот. Жүрөк туш ооруп, жүрөктүн согуусу күчөп, жүрөк кабыкчасына сары суу толо баштайт. Уремияда кан басымы жогорулайт. Уремия күчөгөндө оорулуу эс-учун жоготуп, бардык органдардын иши бузулуп, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал.

Дарылоо жүргүзүү түзөтүү

Уремияны дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт. Өнөкөт уремияда диета кармоо, туздуу, белогу көп тамакты аз ичүү сунуш кылынат; заара айдама дарылар берилет. Заара жолдорунда таш, шишик, ириңдүү дарттар болсо хирургиялык жол — операция жасоо талап кылынат. Уремияны алдын алууда бөйрөктүн жана заара жолдорунун сезгенүү ооруларын өз убагында жакшылап дарылоо, врач-нефролог, урологдордун кароосунан өтүү зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8