Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны: 4—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа.

Оюнда бычактар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар бычактарын колго алышып, катарга тизилип турушат. Оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын алыстыкка ыргытышып, жерге учтары менен сайылып түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бычакты алыстыкка сайылдырып ыргыткан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, бычак ыргыткан тарапка турууга, бычакты башка жакка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү