Уруу - маданий-тилдик биримдиги бар, эндогамиялуу этносоциалдык уюм типтеринин бири.

Түрдүү тарыхый доорлордо уруу жана анын формасы түрдүүчө болгон. Өнүгүү деңгээли төмөн турган аңчыларда жана жыйноочуларда жылдын белгилүү бир мезгилдеринде жалпы диний ритуалдарды, атайын каада-салттарды, аңчылыкты чогуу өткөрүү үчүн, өз ара маалымат алмашуу, үйлөнүү тойлорду өткөрүү ж.б. уюштуруу үчүн чогулган общиналар тобу болгон. Мындай учурда уруунун курамында 150-200дөн 1000-1500гө чейин киши болгон.

Австралиялыктардын, семангилердин, Конго бассейининдеги пигмейлердин, бушмендердин, эскимостордун бир бөлүгүнүн уруулары да ушундай топтордон турат. Бул элдерде уруунун көлөмү калктын санынын катарын калыбына келтирип туруу зарылчылыгы менен аныкталган. Эндогамиянын жогорку даражада (70-80%) болушу аларды популяцияга жакындаткан. Уруунун көлөмүнүн төмөнкү чеги эндогамиялык топтун уруулаштарынын айрым мүчөлөрү менен никелешүүгө тыюу салган жана алгачкы коомго мүнөздүү төрөлүу менен өлүмдүн жогору болушу шарттарындагы аман калуунун айласы менен шартталат.

Жогорку чеги жардамчы каражатысыз кыдырып жүрүү же салыштырмалуу отурукташкан жашоо ыңгайы бар шарттардагы байланыштын даражасы менен аныкталат. Уруунун ээлеген аймагы климаты жагымдуу шарттардагы 200-300 чарчы км. ден чоң арктикалык райондордун экстремалдык шарттардагы 40 чарчы км. чейин чектелген.

Борборлошкон бийликтин эч кандай формасы болбогон мындай урууларда общиналардын биримдиги общиналар аралык нике менен гана эмес, аларды коштогон социалдык жана чарбалык кризис учурларында өз ара жардамдашуу милдети менен да кармалып турган. Общиналар аралык байланыштар ачарчылык болгон учурда азык-түлүккө карк болгон кошуна аймакка баруу, общинанын мүчөлөрүнүн кескин азайышын жаңы кабыл алынгандар менен толуктоо, сезондук коллективдүү аңчылык жүргүзүү ж.б. зарылдыктар менен шартталган. Общинадагы социалдык оор абалды төмөндөтүү үчүн анын айрым мүчөлөрү мезгил-мезгил менен башка общиналарга кетүүгө тийиш болушкан. Демек, уруу ичинде бир тилдин же диалектинин жана бир маданияттын калыптанышына негиз түзүлгөн. Бирок бул али ошого багыт алуу гана болгон, себеби аталган бирикмелер ачык мүнөздө болгон.

Географиялык жактан алганда олуттуу тосмолор жок болгондуктан, уруулардын аймактык жана социалдык чектери бекем болгон эмес. Алар башкалардын тилин, маданиятын салыштырмалуу жеңил эле кабыл алып турушкан. Ар бир общинанын ички да, сырткы да никелик, чарбалык, социалдык байланыштарда өз системасы болгон жана бул кеңири ареалдарда маданий-тилдик туташ чөйрөнү жараткан.

Аны бөтөнчө топтук аралаш аң-сезимдүү этностук туташ чөйрө коштогон: ар бир общинанын мүчөсү өз тобун ар башкача элестеткен жана ara түрдүү кошуна топторду кошо беришкен. Көпчүлүк учурда уруунун энчилүү аты болгон эмес. Кишилер жаңы жерге келгенде өз уруусунун энчилүү аталышын оңой эле өзгөртө беришкен же ошол эле учурда кошуна элдердин атын кабыл алган. Этносун алмаштыра берүү, этностордун ич ара аралашуу процесси мындай кырдаалда оңой эле ишке ашып турган. Мунун баары аталган урууларды этнос эмес, калыптануу үстүндөгү этнос, «протоэтнос» экендигин көрсөтөт. Бир кыйла өнүккөн коомдор менен тыгыз байланышта болгон учурда гана аңчылар менен жыйноочуларда бир кыйла тагыраак уруулук чек, чарбанын айрым адистешүүсү менен байланышкан бөтөнчө маданий комплекс, ошондой эле так уруулук өзүн-өзү аңдоо сезими пайда болмок. Бирок мындай учурда алар өз эне тилин жоготуп, кошуналарынын тилин кабыл алышкан. Мындай процесс пигмейлердин, бушмендердин, сандавелердин, хадзалардын, семангилердин, аэталардын ж.б.айрым топторунда байкалган.

Аңчылардын жана жыйноочулардын уруулары айрым маданий-тилдик өзгөчөлүгү менен айырмаланган кыйла ири топторго - уруулардын тобуна же уруулардын үй-бүлөсүнө кириши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.