Урчуктуу механизм (ор. кулачковый механизм) - кыймылдуу урчугу (звеносу) башка кыймылдуу түрткүч (звеносу) менен өз ара аракетте болгон механизм.

Түз сызыктуу кыймыл жасаган урчук копир деп аталат. Урчуктуу механизмдер 4 топко бөлүнөт: түрткүчүнүн тиби боюнча: жалпак түрткүчтүү; роликтүү; ийне сымал; учтуу түрткүчтүү. Түрткүчүнүн кыймылы боюнча: алга-артка термелүүчү, ургучунун кыймылдоо мүнөзү боюнча: алга-артка термелүүчү, айлануучу болуп айырмалант. Урчуктуу механизмдин негизги мүнөздөмөсү - түрткүчүнүн максимум которулуусу, жумуш аткаруучу механизминин максимум ылдамдыгы же ылдамдануусу жана жумуш аткаруучу механизминин кыймыл закону. Урчуктуу механизм ичинен күймө кыймылдаткычтын газ бөлүштүрүүчү механизминде, металл кесүүчү станокто ж. б. машиналарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4