Устав фондусу - мамлекеттик жана жеке ишканалардын туруктуу пайдалануусуна жана карамагына берилген негизги жана айланма каражаттын суммасы; ишкананын уставында белгиленет (к. Уставдык капитал).

Устав фондусун түзүүдөгү негизги булактар: фонддун мүчөлөрүнүн (учредитель) башка уюмдар менен жеке жактардын ыктыярдуу акчалай салымдары; фонд тарабынан түзүлгөн ишкананын, уюмдун өндүрүштүк иш-аракетинен түшкөн (тапкан) пайдасынан; фонддун пайдасы үчун өткөрүлгөн иш-чаралардан (атайын өткөрүлгөн лотерея оюндары, өндүрүштүк, басмалык ж. б.) түшүүчү кирешелер; жалпы жамаатын ыктыярдуу иштеринен чегерилүүчү каражаттар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4