Усть-Ордо бурят автономия округу

Усть-Ордо бурят автономия округу - РФтеги субъект.

Иркутск облусунун курамында. Чыгыш Сибирдин түштүгүндө, Байкал өндүрүндө жайгашкан. Лена-Ангара платосунун түштүк бөлүгүн ээлейт. Аянты 22,4 миң км2. Калкы 142,0 миң (2010). Борбору - Усгь-Ордо шаарчасы (13,0 миң). Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 6,3 киши. Адм-айм. жактан 6 районго бөлүнөт. Элинин негизин орустар (56,5%) менен татарлар (36,2%) түзөт. Ошондой эле украиндер, буряттар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Динге ишенгендери православныйлар (5 диний уюмдары бар), буддалар (2), протестанттар (2). Буряттардын арасында шаманизм, православие жана будда дини таралган. Сибирь федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы У.-О. Б. а. о-нун 1995-ж. кабыл алынган уставы боюнча аныкталат. Жаратылыш шарты адамдардын жашоосу үчүн жагымдуу. Экол. абалы курч. Негизинен өнөр жай борборлорунун (Иркутск - Ангарск - Усолье-Сибирь) көп болушу, айдоо аянттарынын интенсивдүү иштетилиши, токойлордун көп кыйылышы, ядролук куралдардын жардырылышы (1982; Оса шаарчасынан 50 км түндүктө) аймактын жаратылышына терс таасирин тийгизип келүүдө. Таш көмүрдүн, нефтинин, гипстин, таш тузунун, отко чыдамдуу чопонун жана газдын кендери бар. Сульфиддүү минерал суулары чыгат. Аймагынын 50% ке жакынын токой (көк, кызыл, мырза жана бал карагайлар) ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 3 млрд 168 миң рублди түзөт. Андагы айыл чарбанын үлүшү (% менен) 68,1, өнөр жайдыкы 3,7. Өнөр жайынын башкы тармактары токой жана жыгаччылык. Ошондой эле тамак-аш, ун, отун ж. б. ишканалары бар. Автомобиль жолунун узундугу (км менен) 2341,2 (а. и. 709,2си асфальтталган), т. ж-нуку 30. Ангара д-нда кеме жүрөт. Братск суу сактагычы курулган. Округдун түштүк-батышынан Транссибирь т. ж. магистралынын бир бөлүгү өтөт. Дан эгиндери (а. и. буудай басымдуу), тоют өсүмдүктөрү айдалат. Жылкы, чочко, бодо мал жана кой асыралат. Жалпы билим берүүчү 241 мектеп, 5 баштапкы жана атайын орто, Бурят мамлекеттик университетинин Бахон филиалы, китепканалар, 4 музей (а. и. улуттук, адабият ж. б.) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4