Усупов Макай
УСУПОВ Макай (1924-ж.т., Каракол ш.) – тарыхчы жана географ, тарых илиминин доктору.
Билими түзөтүү
Караколдогу мугалимдер, Кыргыз мамлекеттик педогогикалык институттарын бүткөн (1951).
Ишмердүүлугү түзөтүү
1951–54-ж. Караколдогу мугалимдер институтунда
окутуучу, 1954–57-ж. «Мугалимдер гезитинин» жооптуу катчысы, редактору, 1962–69-ж. Кыргызстан КП
БКнын лекторлор тобунун жетекчиси, Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин пар-
тиялык-мамл. контролдоо комитетинин илим ж-а маданият бөлүмүнүн башчысы, 1969-жылдан Кыргызстан КП
БКга караштуу Партия тарыхы институтунун партиялык курулуш секторунун башчысы, улук илимий кызматкер, партия
тарыхы секторунун башчысы.
Анын эмгектери Кыргызстан Компартиясынын тарыхына ж-а партиялык
курулушка арналган.
Усуповдун 1 монографиясы, 11 китепчеси жана көптөгөн илимий макалалары бар.
Наамдары түзөтүү
Экинчи даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003