Булат Жамитович Утемуратов (каз. Болат Жамитұлы Өтемұратов) (13-ноябрь 1957-ж.) — Казакстандын Теннис федерациясынын президенти,   ITF (International Tennis Federation / Эл аралык Теннис Федерациясы) директорлор кеңешинин мүчөсү, бизнесмен, коомдук ишмер, дипломат, меценат.

Булат Утемуратов
Болат Жамитұлы Өтемұратов
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Казакстандын Теннис федерациясынын президенти,   ITF (International Tennis Federation / Эл аралык Теннис Федерациясы) директорлор кеңешинин мүчөсү, бизнесмен, коомдук ишмер, дипломат, меценат.

Туулган датасы:

13 -ноябрь 1957(1957-11-13) (66 жаш)

Туулган жери:

Казак ССРинде Гурьев  (азыркы — Атырау)

Жубайы:

Ажар Абжамиевна Утемуратова (Байшуакова)

Балдары:

уулдары Алидар Утемуратов (1979-жылы туулган) жана Ануар Утемуратов (1983-жылы туулган), кызы Динара (2003-жылы туулган).

Өмүр баяны түзөтүү

1957-жылы 13-ноябрда  Казак ССРинде Гурьев  (азыркы — Атырау) шаарында туулган.

Кызыл-Орда шаарындагы №3 К. Е. Ворошилов атындагы №3 мектепте окуган, 1975-жылы 10-классты аяктаган.

1981-жылы  Алма-Атадагы эл чарба институтун аяктаган, экономист. Институтту аяктагандан кийин ошол эле институтта окутуучу болуп иштеген, андан кийин 1986-жылга чейин - Алма-Ата соода башкармалыгынын системасында иштеген. 1986—1990-жылдар — Советтик райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.

1990—1992-жылдары Тышкы экономикалык байланыштар боюнча Мамлекеттик комитеттин башкармалыгынын бөлүм башчысы, начальниги, андан кийин —  Казакстан Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Министрлигинде иштеген [1]. 1992 -жылы Австриядагы Казактардын соода үйүнүн генералдык директору болуп дайындалган. 1993-жылы Казакстанга кайтып келген, КР тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары болуп иштеген (1993-94-жылдар), андан кийин КР өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары болуп иштеген (1994—1995-жылдар.). 1996—1999-жылдар — Швейцариядагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси [2], Женева шаарындагы  БУУнун  жана башка эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү. Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясында ар кандай кызматтарда иштеген: 1999-жылдын февралынан 2003-жылдын июнь айына чейин —  КР Президентинин тышкы саясий жана тышкы экономикалык маселелер боюнча жардамчысы, 2003-жылдын июнь айынан 2006-жылдан март айына чейин —  КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы. 2006-жылдын март айынан 2008-жылдын декабрь айына чейин —  КР Президентинин иштерин башкаруучу. Астанадагы төмөнкү социалдык объекттердин курулушуна катышкан: үстү жабылган футболдук стадион, Тынчтык жана келишим сарайы (Пирамида),  «Хан-Шатыр»көңүл ачуучу соода борбору. Щучинск-Боровск курорттук аймагын өнүктүрүүгө катышкан: Аблай хандын белгилүү аянтын реконструкциялоо; туристтик борборлордун инфраструктурасын,  «Бурабай» МУЖП улуттук паркынын питомнигин түзүү, марал чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары,  Президенттин биринчи борбордук резиденциясынын базасында КР Биринчи Президентинин Музейи ачылган [3]. 2007-жылы  Казакстан теннис федерациясынын президенти болуп шайланган. 2008-жылдын декабрынан 2013-жылдын мартына чейин  КР Президентинин штаттан тышкаркы кеңешчиси болуп иштеген, 2010-жылдын май айынан 2013-жылдын март айына чейин —  КР Президентинин  Кыргыз Республикасы менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү. 2014-жылдын февраль айынан баштап —   Булат Утемуратовдун «Асыл Мирас» жеке кайрымдуулук фондунун камкорчулук кеңешинин негиздөөчүсү жана мүчөсү.

Саясий ишмердүүлүгү түзөтүү

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда, Булат Утемуратов  КР Президентинин Жарлыгы  менен  КР Президентинин алдындагы Демократия жана жарандык коом маселелери боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы болуп дайындалган (ноябрь 2004 — март 2006). 2007-жылы июль айынан баштап  «Нур Отан» Элдик-Демократиялык партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Коомдук жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү түзөтүү

2007-жылы августта Булат Утемуратов  КР Теннис федерациясынын президенти болуп шайланган. Казакстандын Теннис Федерациясында "Мектептик теннис демилгеси" жайылтылды, "Онго чейинки теннис" программасы өнүктүрүлдү.  Team Kazakhstan  Теннис академиясы түзүлдү — бул жатак мектеп тибиндеги окуу жайда теннис боюнча улуттук курама командасынын болочок мүчөлөрү даярдыктан өтүп башташты. Теннис боюнча эркектердин курама командасы   Дэвис Кубогунун   чейрек финалына төрт жолу чыккан (2011, 2013, 2014, 2015-жылдар.), 2017-жылдан баштап Дүйнөлүк топтун финалында ойнойт, аялдардын курама командары  Федерация Кубогунун Дүйнөлүк тобунда ойнойт. 2015-жылдын сентябрь айынан баштап Эл аралык теннис федерациясынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү. Эл аралык теннис федерациясынын  Экс-президенти Франческо Ричи Битти Утемуратовду «жогорку уюштуруучулук жөндөмдөрү менен, теннисти өнүктүрүүгө кызыкдар жана андан өз күчүн. убактысын, ресурстарын аябаган адам" деп атаган. Мына ошондуктан азыр теннис кандай мыкты жана динамикалуу өнүгүп жаткан көрүп турам, ал бир гана борбордо эмес, Алматыда да, Шымкентте да, башка аймактарда да өнүгүп жатат»[5]. 2017-жылы Булат Утемиратов ITF Эл аралык теннис федерациясынан жана АTF Азия теннис федерациясынан сыйлык алган, ал сыйлыктарына аймактардагы теннисти өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн берилген.[4]

2014-жылдын февраль айынан баштап —   Булат Утемуратовдун «Асыл Мирас» жеке кайрымдуулук фондунун камкорчулук кеңешинин негиздөөчүсү жана мүчөсү. http://utemuratovfoundation.org/(жеткиликсиз шилтеме). Фонд декларациялаган негизги максат - бул балдарды өнүктүрүү жана балдарга жардам. Фонд "Аутизм. Дүйнө баары үчүн» программасын жайылтат, анын милдети - дартын эрте аныктоо, реабилитациялоо, инклюзивдүү билим берүү жана социалдык интеграция аркылуу аутизм менен балдардын жашоо сапатын жогорулатуу, буга дартты аныктоодон баштап коомдогу өз алдынча жашоого чейинки убакытты киргизүүгө болот. Фонд аутизм жана өнүгүүсүндөгү башка проблемалары бар балдар үчүн балдардын ресурстук борборлорунун тармагын түзөт, анда аутист-балдар жана алардын ата-энелери професионалдык маалыматты, сапаттуу медицинадык жана психологиялык жардамды, социалдык адаптациядагы жардамды жана балдар менен иштөө учурундагы консультацияларды ала алышат. 2015-жылы Алматы жана Астанада аутизм-борборлору ачылган, 2016-жылы мындай борборлор Өскеменде жана Кызыл-Ордада ачылды.

2017-жылы фонддун аталышы Булат Утемуратовдун Фондуна чейин аутизм борборлорунун тармагына «Асыл Мирас» аталышы бекитилди жана Казакстандын Кызыл Жарым ай Коому менен өнөктөштүктө табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү, өсүп бара жаткан муундардын арасындагы дени сак жашоо образын алга жылдыруу жана БЦШ келип чыгуу себептерин табууга көмөк көрсөтүүдө Аружан Саин Фонду мененишмердүүлүгүн кеңейтүү, жана ARDI Ата-энелер Ассоциациясы аркылуу БЦШ оорусу менен ооруган балдарды реабилитациялоого жардам берүү алардын негизги максатына айланды.

2010-жылы октябрь айынан баштап Булат Утемуратов  Казахстандын «Союз Атамекен» улуттук экономикалык палатасынын президиумунун мүчөсү болуп саналат. Алматыдагы жана Астанадагы  Haileybury британ мектептеринин негиздөөчүсү. "Университет Нархоз" АК (мурдагы "Турар Рыскулов" атындагы Казак экономикалык Университети" ) Камкорчу Кеңешинин Жетекчиси, Алма-Ата Эл чарба институту). Казакстандын медициналык балдар мекемелерин чагылдыруу максатында жыл сайын Burabike кайрымдуулук веложарыштарын өткөрүү идеясынын шыктандыруучусу. Беш жылдын ичинде 1,3 миллион доллардан ашык чогултулган, бүгүнкү күнү Казакстандын жети шаарындагы 12ге жакын балдар ооруканасы заманбап жабдуу түрүндөгү жардамдарды алышты.

Ишкердик ишмердүүлүгү түзөтүү

Булат Утемуратов — Казакстандын ири ишкерлеринин бири[булак көрсөтүлгөн эмес 1272 күн]. Анын биринчи ири долбоору — бул  «АТФ Банкын» өнүктүрүү жана аны италиялык  UniCredit тобуна ийгиликтүү сатуусу (1995 ноябрга чейин 2007 -жж). Бул мезгил ичинде банк анча чоң эмес финансылык мекемеден 160 бөлүмдөн турган жана 8-миллиарддык балансы менен ири мультирегионалдык жана мультипродукт финансы тобуна чейин өсүп жетти. 2009-жылдагы кризистен кийин төмөнкү банктарды түздү: Kassa Nova — Казакстандагы биринчи микрокредиттик банк жана  ForteBank — бизнес үчүн банк. 2014-жылы майда «Самрук-Казына» УБФ бизнесмен Булат Утемуратовго ага таандык Темiрбанктагы үлүшүн жана Альянс Банктагы өз акцияларынын бөлүгүнө сатуу боюнча келишимди аныктады. Фонд «Темiрбанк»АК нун 79,88 % жөнөкөй акцияларын 35,7 млрд тенге суммага сатты, о.э. «Альянс Банк» АК жөнөкөй жана артыкчылык акцияларынын 16 % ын 1,5 млрд тенге суммага саткан. Кошумча «Темiрбанк» АК 2010—2012 -жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн кирешенин эсебинен «Самрук-Қазына» АК на 9,1 млрд тенгеөлчөмүндө дивиденддерди төлөп берди. Келишимдин натыйжасында «Самрук-Қазына» Акционердик Коому «Альянс Банк» АКнун 51 % жөнөкөй жана артыкчылык акцияларынын көзөмөл пакетин сактап калды, ал эми Булат Утемуратов «Темiрбанк» АК да көзөмөлдөөчү акционер болуп калды. Келишимге комментарий берип жатып, Утемуратов төмөнкүлөрдү белгиледи: " «Темiрбанк» акцияларынын көзөмөл пакетин жана «Альянс Банк» акцияларынын миноритардык пакетин сатып алуу боюнча келишимди аяктоо бул банктарды калыбына келтирүү процессиндеги негизги кадам болуп саналат. «Альянс Банкка» карата «Самрук-Қазына» Фонду менен биргелешип «банктын өкүлдөрү менен банктын капиталын бекем калыбына келтирүү максатында анын тышкы милдеттерин реструктуризациялоо боюнча банктын кредиторлорунун өкүлдөрү менен ар тараптуу жана кылдат сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Өзүм туурасында айтсам, мен „Темiрбанк“ капиталын кошуу жолу менен "Альянс Банкты" калыбына келтирүүгө жана аларды келечекте бириктирүүгө катышууга даярмын". Андан сырткары, Утемуратов мырза VEON менен биргеликте «Верный Капитал» инвестициялык тобунун негизги үлүшчүсү (акционери эмес) болуп саналат жана эки телекоммуникациялык операторго — Казакстандагы «КарТел» жана Кыргызстандагы «Sky Mobile» операторлорун иштетет, алар  Beeline маркасы алдында иштейт. 2016-жылы майда Казакстандын 50 бай бизнесмендеринин тизмесинин алдына чыккан, анын капиталынын саны 2,4 млрд долларга бааланууда.[5]

Сыйлыктары түзөтүү

  • «Курмет» ордени (2002)[6]
  • «Биринчи Президенттин» ордени  (2007)
  • 2-даражадагы Достык Ордени  (2014)[7]
  • Кызыл-Орда областынын ардактуу атуулу


Үй-бүлөсү түзөтүү

Утемуратовдун жубайы (Байшуакова) Ажар Абжамиевна. Балдары: уулдары Алидар Утемуратов (1979-жылы туулган) жана Ануар Утемуратов (1983-жылы туулган), кызы Динара (2003-жылы туулган).

Тиркемелер түзөтүү

  1. Министерство иностранных дел Республики Казахстан. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.
  2. Посольство Республики Казахстан в Швейцарии. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 11 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  3. «Стиль управления диктует Президент», "Казахстанская правда, 1 июля 2008 года
  4. «Три секрета хорошего тенниса», "Казахстанская правда, 12 апреля 2013 г.. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2013.
  5. 50 богатейших бизнесменов Казахстана - 2016. www.forbes.kz (5 -май (бугу) 2016). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2016.
  6. Указ Президента Республики Казахстан от 12 декабря 2002 года за № 998. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 12 -май (бугу) 2015.
  7. Вручение государственных наград. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 17 -май (бугу) 2017.