Утурлоо - атмосфералык кубулуштарды, айрыкча аба басымын, температураны, шамалды ж. б. байкап иликтөөнүн негизинде аба ырайында келээрки болуучу өзгөрүүлөрдү алдын ала айтуу.

Аба ырайы чукул мөөнөткө (бир нече сааттан 1-2 суткага чейин), 3-10 суткага жана узак мөөнөткө (ай жана андан да узак убакытка) күн мурун айтылат. Кыргыздардын ичинен эзелтен эле аба ырайын алдын ала айтуучулар (эсепчилер) чыгып, бороон кайсы күндө, кайсы айда болуп, канча күнгө созууларын, кайсы мезгилде кар калың жаарын, кайсы жылы жаз эрте келээрин ж. б. утурлап айта билишкен. Мындан көрө билгичтик эч кандай аспаптарсыз эле табиятка күндө байкоо жүргүзүүнүн, о. эле эзелтен, муундан-муунга өткөн даректердин негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2