Ууз – 1) кишинин жана малдын сүт бездери терет же туут алдында жана андан кийин иштеп чыгаруучу саргыч, илээшкек коюу суюктук. Сүткө караганда Ууздун кычкылдуулугу жогору, кургак заттар, айрыкча белок, май, минерал зат жана витамин көбүрөөк, кант азыраак. Заттардын түрдүүлүгү жана айкалышы жагынан Ууз ымыркай бала менен жаш төл үчүн өтө жагымдуу азык. Анда ымыркай организмди оору козгогуч бактериялардын таасиринен сактоочу иммундуу зат менен антитоксин көп. Ууз ичеги-карындын иштешин жакшыртат, назик дененин тышкы чөйрөгө көнүгүшүнө түрткү берет. Төрөттөн 3-7, тууттан 7-10 күндөн кийин Ууз курамы боюнча кадимки сүткө жакындайт.

2) Жаңы төлдөгөн малдын (кон, эчки, уй, бээ ж. б.) 2-3 күнгө чейинки сүтүнөн бышырылган тамак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.