Учсуз анемона (лат. Anemone obtusiloba, D. Don.) - Бийиктиги 15 см ге чейин жеткен, көп жылдык, түкчөлүү өсүмдүк. Тамыр сабагынын үстүңкү бөлүгүн жалбырак сабынын түктүү калдыктары жаап турат. Жан тамыр жалбырактары түрпөчөдөй келбетте келип, тыкыс, түп жагына чейин үч ирет тилкелүү, жазы тескери- жумурткадай сегменттүү жана бүтүн кырдуу же 3 ири бодуракай жалбырак тишчелүү. Гүлдөрүнүн диаметри 1,5 см ге чейин жетет, ичинен агыш, сыртынан киргилт-сыя-көк, мөмөчөсү түксүз өсүндүлүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлң айында гүлдөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Орто Азия, Кытай, Индия. Кыргызстанда Борбодук Тянңшанң, Тескей Алатоо, Сарыжаз дарыясынын бассейни.

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштуу, аска-зоолуу бийик тоолордун беттеринде кездешет.

Саны түзөтүү

Жаратылыштагы саны аныкталган эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбачылык иш-аракеттери, чексиз мал жаюу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ареалын жана жаратылыштагы сан өлчөмүн аныктап, түр кеңири тараган аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу. Ботаникалык бактарда атайлап өстүрүү аракеттерин жасоо зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Эң четки батыш ареалы Кыргызстандын Борбордук Тянңшанында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү