«Учуучу канжарлардын үйү» (кыт. 十面埋伏, shí miàn mái fú, англ. House of Flying Daggers) — Режиссёр Чжан Имоу тарабынан 2004 жылы тартылган көркөм тасма.

Учуучу канжарлардын үйү
十面埋伏
Жанры

боевик, шумдуктуу тасма, драма, уся

Режиссёру

Чжан Имоу

Продюсери

Чжан Имоу
Чжан Вэйпин

Сценарийдин
автору

Чжан Имоу

Башкы ролдордо

Такэси Канэсиро
Энди Лау
Чжан Цзыи
Сун Даньдань

Оператору

Чжан Имоу

Композитору

Сигэру Умэбаяси

Кинокомпания

Zhang Yimou Studio

Узактыгы

119 мүнөт

Бюджети

100 млн. RMB

Өлкө

 Кытай
 Гонконг

Тили

Путунхуа

Жылы

2004

IMDb

ID 0385004

Мазмуну түзөтүү

IX кылымда Кытайдагы дүйнөгө белгилүү болгон Тан династиясы күчүн жоготуп, өлкөдө башаламандык күчөгөн маалы. Тан бийлигинин иш-аракеттерине ичи чыкпаган адамдар, башкача айтканда, оппозиционерлер «Учуучу канжарлардын үйү» аттуу уюм түзүшөт да, байлардын байлыктарын тартып алып, кедейлерге алып берип турушат.Тасманын баш каармандарынын би­ри Сян Мэй – «Учуучу канжар» уюмунун мүчөсү болот. Ал өкмөт тарапка сокур бийчи кыз болуп келет. Бирок, анын «учуучу канжар» тараптагылар менен байланышы бар экенин байкап калышат да, түрмөгө камашат. Аны канчалык кыйнашпасын чындыкты айтпашын билген полковник Ляо жаш капитан Цзинди жаш кызга өзүн сүйдүрүп, «Учуучу канжар» уюмунун сырларын билүү үчүн жөнөтөт. Сян Мэйди түрмөдөн бошотуп, аны уюмга чейин коштоп барган Цзин өзүн бийликке нааразы болгон оппозиционер деп тааныштырат да, кызга жардам көрсөтүү үчүн аны куткарганын айтат. Экөө «учуучу канжарлардын үйүнө» бара жатышып, жолдо көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат. «Учуучу канжарлардын үйүнүн» сырын үйрөнүүгө аракет кылган Цзин менен ал уюмдун башчысынын сокур кызынын ордуна келген Мэй чогуу жүргөн үч күн ичинде экөө бири-бирин сүйүп калганын түшүнүшөт. Ал эми тасманын акырында Цзинди кызды сүйдүрүп «учуучу канжарлар» уюмунун сырларын билип келүүгө жөнөткөн полковник Ляонун өзү ал уюмдун өкмөт тарапка жөнөтүлгөн тыңчысы экени ачыкка чыгат. Тасма ушул үч адамдын тегерегиндеги болуп өткөн окуялар менен өнүгүп отурат.

Каармандар түзөтүү

Актёр Роль
Энди Лау Лю Лю
Такэси Канэсиро Цзинь Цзинь
Чжан Цзыи Сян Мэй Сян Мэй

Тасманын тартылышы түзөтүү

«Учуучу канжарлардын үйүнүн» 70 пайызы Украинанын Карпат тоосунда тартылган. Режиссёр тасманы Украинадан[1] тартканынын себебин өз мекенинде тасма тартуу үчүн таза табият калбагандыгынан улам деп түшүндүргөн. Алар тасма тартыла турган жерлерге, башкача айтканда, төрт талаага кытайдан атайын алынып келинген гүлдөрдүн бир нече тонналаган уругун сээп чыгышкан. Ал эми Украинада бамбук токою болбогондуктан, андай эпизоддорду Кытайдан тартышкан. Режиссёрдун ою боюнча токойдо болгон уруш гана чыныгы уруш деп эсептелет. Тасма күз мезгилинде, октябрь айында тартылган. Тартуу учурунда күтүлбөгөн жерден кар жаап салат. Бирок, режиссёр кардын токтошун, күндүн жылышын күтүп отурбастан сценарийди бир аз өзгөртүп туруп, тасманы тартууну улантат. Аягында тасма ойдогудай тартылып бүтөт. Бул жөнүндө Чжан: «Алгач аба-ырайы кескин өзгөрүп, суук болбогой эле деп кооптонгом, бирок кардын жаашы тескерисинче пайда алып келди. Кар жаап жаткан мезгилдеги эки баатырдын урушу тасманын көрөрмандарына экөө абдан узак убакыт бою урушкандай сезим калтыратда, бул эпизод тасмага көрк берет»- деген оюн билдирген.

Кошумча маалыматтар түзөтүү

Тасмага башында Азия кинолорунун жылдызы, «Атам – баатыр», «Мас устат-2», «Мистер Гонконг» тасмаларында баш каармандын ролун ойногон Анита Муинин тартылуусу план­даштырылган. Бирок, ал тасмага тартылаар алдында ооруп калгандыктан, тасманы тартуу 2004-жылга жылдырылат. Тилекке каршы, Анита Муи 2003-жылдын декабрында рак оорусунан улам каза болот. Анын өлүмүнөн соң режиссёр Чжан Анитанын арбагын сыйлап, анын ордуна тасмага тартылуу үчүн көптөгөн белгилүү актрисалар келгенине карабастан тасманын сценарийин кайрадан башкача кылып түзүп чыгат. Ал эми актрисанын аты тасмада жазылып кала берет.

Ой-пикирлер түзөтүү

Тасманы көргөн адамдардын арасында ушул күнгө чейин тасманын жанры тууралуу талаш-тартыштар өкүм сүрүп келет. Тасманын кээ бирөөлөрү мелодрама дешсе, кээлери боевик, алтурсун, айрымдары комедия жанрына тиешелүү деп жүрүшөт. Алардын минтип ар түрдүү жанрларды айтып талашуусунда негиз бар. Себеби, фильм боевик, фантазия, мелодрама, драма жана трагедия жанрларынын аралашмасынын негизинде тартылган. Тасмада белгилүү бир жанрга тиешелүү өзгөчөлүк жок. Ал эми режиссёрдун өзү бул тууралуу «Тасмада ой жүгүртүүлөрү, жасаган иштери, алдына койгон максаттары таптакыр башка эки адамдын бири-биринен сыр жашырып, бири-бирин алдап жүрүп эле үч күндүн ичинде бири-бирин сүйүп калганы сүрөттөлөт. Мен бул жерде саясий оюндарды, Кытай элинин урушуу ыкмаларын, мамлекеттик тапшырма үчүн башын сайган кызматты кошконума карабастан тасмада сүйүүнү бардыгынан жогору баалаган адамдарды баса көрсөтүп, алардын сүйүүсүн даңазалагым келген. Тасма ар түрдүү жанрлардын аралашмасынан турса да, трагедия басымдуулук кылат деп ойлойм. Себеби, ар бир адам үчүн сүйүктүүсүнүн өлүмүнөн өткөн трагедия жок болсо керек» - деген.

Эскертүүлөр түзөтүү

шилтемелер түзөтүү

Калып:Чжана Имоунун тасмалары