Уюл станцияларыАрктика жана Антарктикада, ошондой эле калкыма муздарда түзүлгөн илимий байкоо жүргүзүүчү пункттар.

Аларда системалуу (көбүнчө көп жылдык) аэрометеорол., актинометриялык, геомагниттик, гидрол., гляциол. жана айрым учурда биологиялык жана медициналык байкоолор жүргүзүлөт. Негизинен убактылуу же стационардык болот. Алгачкы сганция Эл аралык 1-уюл жылында (1882-83) түзүлгөн. 1990-ж. Арктикада 200дөн ашык Уюл станциялары иштеп турган. Антарктикада Уюл станцияларынын негизги тармагы Эл аралык геофизика жылы мезгилинде (1957-58) жана андан кийинки жылдарда түзүлгөн. Учурда туруктуу иштеген 45 станция бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4