Уюшкан топ – кылмыш-жаза укугунда бир же бирнече кылмыштарды жасоо үчүн алдынала уюшкан адамдардын тобу. У. т-ту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам КР кылмыш-жазык мыйзамдарында каралган учурларда, аны уюштургандыгы жана жетектегендиги үчүн, ошондой эле У. т. жасаган баардык кылмыштар үчүн, эгер анын оюнда камтылган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. У. т-тун башка катышуучулары КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда ага катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралбаган учурларда У. т. түзүү, ал жасоо үчүн түзүлгөн, даярдалган кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү