Уюштуруу келишими – юридикалык жактын уюштуруу документтеринин бири. Анда уюштуруучулар юридикалык жакты түзүүгө милдеттенет, аны түзүү боюнча бирдиктүү иш-аракеттердин тартиби, ага өз мүлкүн өткөрүп берүү жана анын ишине катышуу шарттары аныкталат. Келишим аркылуу ошондой эле анын катышуучуларынын ортосунда кирешелер менен чыгымдарды бөлүштүрүү, юридикалык жактын ишин башкаруу, уюштуруучулардын (катышуучулардын) анын курамынан чыгуу шарттары менен тартиби да аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү