Уят – адамдын адеп-ахлак жактан өзүн-өзү көзөмөлдөөчү этикалык категория. Моралдын талаптарына карама-каршы келген же адамдын беделин кемсинткен иш жасаган кишиде пайда болчу сезим. Адамдын тынчы кетип, жүрүм-турумун күнөөлөп, өзүнө канааттанбай, жасаган ишине өкүнгөндө Уят байкалат. Уят сезимин пайда кылуучу иш-аракеттин мазмуну коомдук тарыхый мүнөзгө ээ жана моралдык ченемдердин өнүгүшүнөн көз каранды. Ошондой эле башкалардын, өзгөчө жакын кишилеринин чеки жүрүм-турумун, жасаган ишин көргөндө да Уят пайда болуп, бет кызарат, башкаларды тик карай албайт. Уят сезими адам башынан кечирген кылыктарын эстегенде да пайда болот.

Уят - психологиялык көйгөй. Жаратылыштын түшүндүргөнүнө карабай адамда уят психологиялык көйгөй болуп эсептелет. Ар кандай жагдайда пайда болуучу психикалык элементтер арылуу түшүндүргөн уяттын түрлөрүн өзүнө камтыйт. Ушундан уят күчөйт. Натурлисттер окшош эле окуялуу көрүнүштөр карама-каршылыктуу жана кулак түргүч далилдерге алып келет деп белгилешкен. Мисалы бала чагыңда психология көрсөтмө берет, кантип жан дүйнөгө уят сезими калыптанат жана уят эмне экени жөнүндө түшүнөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004