Уңгу- сөздүн курулушундагы негизги морфема, башкача айтканда, дагы морфемага ажыратууга мүмкүн болбогон сөздүн маани берүүчү түпкү бөлүгү. Уңгу өз алдынча келип лексикалык маанини туюнтуу же сөздүк функцияны аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, башка сөздөрдүн жасалышына да база болуп түшөт. Мисалы, акыл+ман, жашыл+ча, бала+лык, камчы+ла ж.б.