Уңгу (лингвистика) – сөздүн лексикалык маанисин туюнтуп, тыбыштык түзүлүш менен маанилик түзүлүштүн ажырагыс биримдигин түзүп, сөз тутумунда андан аркы майда бөлүктөргө бөлүнбөй, морфологиялык деривацияга учурабай турган өзөк морфема, б.а. сөз формасынын же лексеманын мүчөлөр менен өзгөрбөй турган баштапкы формасы.

Тилдин тарыхый өнүгүшү Уңгунун табиятына белгилүү даражада таасирин тийгизет. Ошондуктан Уңгу түшүнүгүнүн табиятын аныктоо, структуралык жактан жиктөө, тарыхый жактан иликтөө бир топ оорчулукту жаратат. Тилдин бүгүнкү өнүгүш абалында Уңгу түрүндө турган морфема, тилдик өнүгүүнүн мурунку абалында Уңгу болбой туунду сөз болуп калган фактылар тилде өтө арбын. Тилде уңгу сөзгө караганда туунду сөз өтө көп. Бул Уңгунун тилдин сөз өзгөртүү, сөз жасоо системасы менен тикеден-тике карым-катышта экендигин көрсөтөт.

Уңгу сөз тутумундагы эң кичине маанилик бирдик болгон морфемалардын бири катары лексикалык маани туюнтуу менен калган лексикалык маани туюнткан да, андай маани туюнтпаган да морфемалардан өзгөчөлөнөт. Мис., оку-уу-чу-лук-тун. Мында оку –негизги өзөк морфема катары уңгуга дал келет. Калгандары – уу-чу-лук-тун баары көмөкчү морфема катары Уңгуга улануу аркылуу этиш Уңгудан кыймыл атооч туунду сөз жасап, лексикалык маани уюштурду. -чу көмөкчү морфемасы кыймыл атоочтон зат атооч жасап, лексикалык маани уюштурду. Калган эки кошумча морфемалар -лук, -тун лексикалык жаңы сөз жасабастан, сөз өзгөртүү системасына мүнөздүү грамматикалык маани уюштурушту.

Демек, Уңгу бир эле сөздүн бир нечелеген формаларын жасоого негиз болуу менен, сөз жасоо, сөз өзгөртүү системасындагы өзөк категория катары лексиканын баюу, толукталуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4