Фаза, системанын башка бөлүкчөлөрүнүн беттик аянты аркылуу бөлунгөн гомогендик бөлүгү катары аныкталат. Ушуну менен бирге Ф. курамы, физ. абалы бир тектүү деп болжошот. Ф. көпчълък убакта бири биринен беттик аянты аркылуу бөлүнгөн заттар же эритмелер пайда болгон өзънчө комплекстерге – макроскопиялык гомогендик бөлүктөргө бөлүнөт. Ошондуктан Ф. мындай комплекстер жыйындысы катары караса да болот, алардын термодинамикалык касиеттери абалдын параметрине бирдей көз каранды, башкача айтканда Ф. бирдей эле теңдемеси аркылуу белгиленет. Ф. теңдемеси тууралуу түшүнүк Ф. жекече жана жалпы теңдемелерин киргизүү менен кеңейтилет. Термодинамикалык касиеттер менен туруктуу абалдагы аймактары үчүн Ф. абалдык параметринин ортосундагы байланышты түзгөн теңдеме Фазанын жалпы теңдемеси деп аталат. Ф. жалпы теңдемеси стабилдүү жана метастабилдүү абал камтыйт. Ф. жалпы теңдемеси катары ар кайсы фундаменталдык теңдемени алса болот. Термодинамикалык касиеттер менен фазанын абалдык параметринин (берилген Ф. экинчи фаза менен чогуу жашоо шартында) ортосундагы байланышты түзгөн теңдеме Ф. жекече теңдемеси деп аталат. Ф. жекече теңдемелери башка Ф. менен каралып жаткан Ф. гетерогендик теңдештик шартын эске алуу менен жалпы теңдемеден келип чыгат. Ф. жекече теңдемеси тууралуу түшүнүк Гибсс Ф. эрежесин чыгаруунун негизин түзөт. Ф. эки түрдүү абалы-туруктуулук критерийлерин канааттандырган ар кандай шарттагы Ф. абалы жана башка Ф. менен чогуу жүргөн Ф. абалы болгондуктан, Ф. төмөнкү аныктама берилет: а)Ф. бардык мумкүн болгон шартта жүргөн, термодинамикалык касиеттери бир жалпы теңдеме менен туюнтулган өзгөчө абал. б)Бир же бир нече Ф. менен чогуу жүргөн шарттагы Ф. - гетерогендик системанын гомогендик бөлүгү. Бул бөлүк беттик аянт менен чектелип,термодинамикалык касиеттери бир жекече теңдеме менен белгиленген өзүнчө заттан (же эритме) турат. Чогуу жүргөн Ф. көбүнчө бир катар өзгөчө комплекстен тургандыктан, Ф. төмөнкү аныктамасы да пайдалуу болуп саналат: Башка Ф. менен чогуу жүргөн Ф. - термодинамикалык касиеттери ошол эле бир жекече теңдеме менен аныкталган комплекстер жыйындысы аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү