Файл:Ааматов, Маркабай.png

Ааматов,_Маркабай.png(312 × 461 пиксель, файлдын өлчөмү: 146 KB, MIME түрү: image/png)

Ааматов, Маркабай - акын, котормочу, публицист. Кара-Кулжа районундагы Бөксө кыштагында 1953-жылы 13-декабрда туулган. 1972–1975-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктап, 1976-жылдан мектепте мугалим, облустук гезитте, облустук, республикалык телерадио комитетинде кабарчы, редактор болуп кызмат өтөйт.

1981–87-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда кызматкер, 1987–1996-жж. анын директору болуп иштейт. 1996-жылы кезексиз чакырылган Кыргызстан Жазуучулар союзунун XII съездинде анын вице-президенти, 2004-жылы кыргыз жазуучуларынын XIII съездинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланат.

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Расмий басылмаларды чыгаруу жана которуу башкармалыгынын начальниги, 2009-2010-жылдары Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун директору, 2010-2011-жылдары Уюштуруу иштерин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2011-2012-жылдары кайрадан Расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы, ал 2012-2018-жылдары Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары, ал эми учурда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында музейдин башчысы болуп иштеп келе жатат.

М.Ааматов жаш акындардын Тува АССРинде өткөн Бүткүл союздук XI фестивалынын (1980), Москва шаарында өткөн жаш жазуучулардын Бүткүл союздук VIII семинар-кеңешмесинин (1982) катышуучусу. Акындын алгачкы чыгармасы 1972-жылы облустук «Ленин жолу» гезитинде жарыяланып, ошондон тарта республикалык, боордош, чет мамлекеттердин тилдеринде үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 40ка жакын поэтикалык, публицистикалык жана котормо китептеринин автору.

1989-жылы «Таң тосуу» ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.

М.Ааматов 1980-жылдан СССР Журналисттер Союзуна, 1987-жылдан СССР Жазуучулар союзуна, 2018-жылдан Евразиянын чыгармачыл инсандарынын Лондон Гильдиясына мүчө.

1996–2007-жж. Эл аралык Жазуучулар союздарынын (мурдагы СССР жазуучулар Союзу) башкармалыгынын, «Дом Ростовых» адабий журналынын редколлегиясынын мүчөсү болгон, 2006-жылдан Азербайжан Жазуучулар кошунунун, 2022-жылдан Өзбек Республикасынын Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү.

М.Ааматовго 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы» (2004), "Кыргызпатенттин мыктысы"ардак наамдары берилсе, 2018-жылдын 31-декабрында "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардак наамы ыйгарылган.

М.Ааматов 2008-жылы Россия Федерациясынын Ломоносов ордени менен сыйланып, Коопсуздук, коргонуу жана укук коргоо Академиясынын анык мүчөсү – академиги болуп шайланган.

М.Ааматовго 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери үчүн" сыйлыгы ыйгарылган.

2018-жылдын 6-ноябрында ага Махмуд Кашкари атындагы Эл аралык адабий сыйлык ыйгарылды (Азербайжан).


Мазмуну 1 Жарык көргөн китептери 1.1 Кыргыз тилинде 1.2 Орус тилинде 1.3 Тува тилинде 1.4 Котормолору 2 Колдонулган адабияттар Жарык көргөн китептери Кыргыз тилинде

Селкинчек: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 52 б.

Таң тосуу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 76 б.

Дидар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 82 б.

Ариет: Ырлар. – Б.: Эркинтоо, 1994. – 182 б.

Аруузат: Ырлар. Б.: Бийиктик, 2011. - 330 б.

Дүнүйө-Жалган. Б., Улуу-Тоолор.2018. - 360 б.

Адашкан махабат. Б., Айат. 2018. 150 б.

Сайип Көкөев: Публицистикалык очерк. – Б., 1991. – 32 б.

Майлыбаш Эрмекбаев: Публицистикалык очерк. – Б., 1992. – 32 б.

Баки Ешмамбетов: Публицистикалык очерк. – Б., 1995. – 96 б.

Өмөш Абдылдаев: Публицистикалык очерк. – Б., 2003. – 78 б.

Байсалдуу өмүр: Публицистикалык очерк. – Б., 2007. – 220 б.

Кыраандар бийик учушат: публицистикалык очерк. - Б.,2011. - 236 б.

Аккан арыктан суу агат: Публицистикалык очерк.-Б.,2014. - 220 б.

Арман кайрык: Публицистикалык очерк. - Б. 2016. 136 б.

Өмүр өрнөгү: Публицистикалык баян. Б.: "Улуу тоолор", 360 б.

Дүнүйө - Жалган: Ырлар. - Б.: "Улуу-Тоолор", 2018. 336 б.

Адашкан махабат: Ырлар. - Б.: "Айат", 2018. 110 б.

Кантөрө Токтомаматов: Өмүр өрнөгү: Публицистикалык баян, - Б., 344 б.

Кимсанбай ажы Абдыразак уулу: Каада - мурас . Публицистикалык баян, Б., 360 б.

Орус тилинде Стихи. в кн.: Молодые поэты Средней Азии. – М.: Молодая гвардия, 1982.

Стихи. в кн.: Гимн любви. – М.: Советский писатель, 1982.

Славный путь Панфиловской дивизии. Фотодокументальное научно-популярное издание. Б.,2015. - 348 стр.

Тува тилинде Стихи. в кн.: Хей-аът. – Кызыл, 1981.

Котормолору:

Шестинский О. Башат: Ырлар. (коллектив). – Ф., 1987.

Бульба Т. Кобзарь: Ырлар. (коллектив). – Ф., 1990.

Үмүтүм менин Ата-журт. Уйгур жазуучуларынын чыгармалары. – Б., 1996. – 32 б.

Гаппаров А. Көңүл сандыгымдагы ойлор: Аңгемелер. – Б., 1996. – 32 б.

Айсаев К. Жүрөктөн тамган тамчылар: Ырлар. – Б., 1996. – 32 б.

Камбарова Н. Арашан: Повесть. – Б., 1997. – 96 б.

Турдиева X. Ырлар. – Б., 1997. 32 б.

Гаппаров А. Күкүктөр сайраган маалда: Аңгемелер. – Б., 1997. 32 б.

Убайдуллаев X. Достук канатында: Ырлар. – Б., 2002. – 96 б.

Мираламов Г. Арман: Повесть. – Б., 2006. – 220 б.

Досанов С. Аруана: Повесть. – Б., 2006. – 102 б.

Крюкова Т. Костя + Ника: Повесть. – Б., 2007. – 160 б.

Досанов С. Карышкыр улуган түн. - Б., 2014. - 180 б.

Есдаулетов У. Биз дагы ашык болгонбуз. (коллектив) - Б., 2014. - 226 б.

Панфилов дивизиясынын даңазалуу жолу. Фотодокументалдуу илимий популярдуу басылма. - Б. 2015. - 400 б.

Бегманов К. Гүл көктөм. Ырлар. - Б., 2017. 340 б.

Досанов С. Адамзаттын энеси. Пьеса., 60 б.

Досанов С. Карышкыр улуган түндө. Пьеса., 30 б.

Салиев С. Айланып учтум жер шарын. эссе.2023.,150 б.

Велиева С. Мен жолуккан Жалганда.,ырлар, азербайжан тилинен, 160 б.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6

No iwiki template.gif Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. Категориялар: Кыргыз Республикасынын жазуучуларыКыргызстанТуулгандар 1953-жылы

Файлдын тарыхы

Файлдын мурдагы нускасын көрүү үчүн тийиштүү убакыт/датаны басыңыз

Убакыт/датаМиниатюраӨлчөмКолдонуучуТүшүндүрмө
учурдагы09:56, 5 ноябрь 201209:56, 5 ноябрь 2012 -дагы версиясы үчүн кичирейтилген сүрөтү312 × 461 (146 KB)Chorobek (талкуу | салымы)

Бул файлды колдонгон барактар ​​жок.