Факультатив курсу, ыктыярдуу курс — Кыргызстан жогорку окуу жайларында студенттердин, атайын орто, кесипчилик-техникалык окуу жайларында, жалпы билим берүүчү орто мектепте жогорку класстардын окуучуларынын өз каалоолору менен жеке мүдөөлөрдүн канааттандыруу, жөндөмүн, шыгын өстүрүү максатында өтүлүүчү курс, сабак.

Факультатив курсу илимдин, техниканын, маданияттын жаңы маселелери боюнча студенттерге (окуучуларга) алардын кызыгуусуна жараша уюштурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9