Фалес Милеттик, Фалес Милетский (б.з.ч VII к.аягы — VI к.башы) Кичи Азиянын Милет шаарында жашаган. Фалести антик доорунун тарыхчылары Эллиндердин атактуу жети акылмандын бири жана “антик филсофиянын атасы” деп аташкан. Фалестин чыгармалары бизге жетпей калган менен башка окумуштуулардын эмгектеринде баяндалат.

Θαλῆς ὁ Μιλήσιος
Туулган жылы:

640/624 б.э.ч.

Каза болгон жылы:

548/545 б.э.ч.

Каза болгон жери:

Милет

Илимий чөйрөсү:

Батыш Философиясы

Иштеген жери:

Ураниборг

Белгилүү окуучулары:

Анаксимандр, Анаксимен

Ал кубулуштардын табигый себептерин табууга умтулган, табияттын башталышы суу деп эсептеген жана Жерди сууда калкып жүргөн даракка салыштырган. Геродот, Лидия менен Мидиянын согушун баяндоодо минтип жазган: бири-бирин жеӊе албай алтынчы жылга созулганда, бир жолку беттешүүдө күндүз түнгө айланып экен деп жазат. Бул күн тутулууну Фалес алдын ала айтып, эки тарапты элдешүүгө чакырганда көнбөй коюшкан. Тутулуу болгондон кийин гана элдешип согуш токтогон. Азыркы эсептөөлөр менен бул окуя б.з.ч. 585-ж. 28-майда болгондугу аныкталган. Күн тутулганда бетин Күндүн бетин Ай жаап каларын жана бул кубулуш дайыма ай жаӊырганда болорун билген 1-грек экендиги Цицерондун эмгектеринен белгилүү. Тутулуунун мезгилдүүлүгүн вавилондук астрономдор бир нече кылымдык байкоолордон кийин гана аныктаган. Фалес вавилондук жылдыз жадыбалын пайдалануу менен бул кубулушту алдын ала билген. Күн жылынын узактыгын жана жыл мезгилдеринин ажыратуунун жолдорун биринчи айткан. Күн менен Ай айлананын жаасынын 1/720 бөлүгү (0,5°) болорун аныктаган. Эклиптиканын асман экваторуна карата жантаюсун ченеген.

Математикада теоремаларды далилдөөнүн зарылдыгы тууралуу биринчи айткан. Бурчтардык геометриясын негиздеген. Тарыхчы Плутарх: Фалес, Платон, Евдокус Египет бакшыларынан (жрец) сабак алып келгендигин жазат. Фалес пирамиданын көлөкөсү таяктын учуна тийгендей тике сайып, пайда болгон эки үч бурчтуктун жактарын ченөө менен пирамиданын бийиктигин эсептеген.

Аристотель “Саясат” деген чыгармасында Фалес жөнүндө төмөнкүдөй маалымат калтырган. Философиядан пайда чыкпайт, алар дайыма жакыр жашайт деген элдин тыянагын Фалес жокко чыгарууну чечет. Астрономиялык байкоолоруна таянып, олифка жангагынын түшүмү мол болорун аныктап алып, чоӊ суммадагы каражат жумшап май чыгаргыч аспаптардан кеп жасатып коёт. Күзүндө май чыгаргычка суроо-талап чоӊ болуп, көп киреше табат. Философдор кааласа жеӊил эле байып кетерин ушинтип далилдеген экен.

Адабият

түзөтүү
  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.