Фамилия
Фамилия (ата-тек, тегаты) (лат. familia ) – 1) курамына кандаш туугандардан тышкары кулдары да кире турган, Байыркы Римдеги үйбүлө чарбачылык-юридикалык бирдик; 2) туулганда, баштапкы Ф. өзгөргөндө, асырап алганда, никеде, мураска өткөндө алына турган ата-тек аталышы. Жаран ысымынын курамдык бөлүгү (кең маанисинен алганда).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7