Фам Ван Донг (1.3. 1906, Түштүк Вьетнам, Куангнам провинциясы - 29. 4. 2000, Ханой) - саясий жана мамлекеттик ишмер, Вьетнамдын премьерминистри (1955-87).

Ханой коллежинде окуп жүргөндө эле революциялык күрөштөргө катыша баштаган. 1925-ж. Вьетнам революциячыл жаштарынын шериктештигине кирген. 1930-жылдан Вьетнам коммунисттик партиясынын мүчөсү. 1929-36-ж. Француз колониячылары тарабынан түрмөдө отуруп, андан Франдияда Элдик фронт бийликке келгенден кийин бошотулган. 1941-ж. Вьетнамдын (Вьетминь) көз карандысыздыгы үчүн Күрөш лигасын уюштургандардын бири. 1941-45-ж. Түндүк Вьетнамда революциячыл базаларды түзүугө катышкан. 1945-жылдан Вьетнамды боштондукка чыгаруу Улуттук к-тинин мүчөсү. Август революциясынан (1945) кийин Вьетнам Демократиялык Респ-нын (ВДР) Убактылуу өкмөтүндө министр, 1946-жылдын аягынан 1949-ж. чейин ВДР өкмөтүнүн жана Вьетнам эмгекчилер лартиясы БКнын Борбордук Вьетнамдагы өкүлү, 1949-55-ж. ВДРдин премьер-министринин орун басары жана аны менен бирге 1954-жылдын августунан 1961-ж. чейин ВДРдин тышкы иштер министри, 1955-76-ж. ВДРдин премьер-министри, Түштүк Вьетнам менен бириккен соң, Вьетнам Социалисттик Респ-нын Министрлер советинин төрагасы (1976-87) болуп иштеген. 1951-жылдан Вьетнам эмгекчилер партиясы (1976-жылдан Вьетнам КП) БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. 1954-ж. Инди кытай проблемасы боюнча Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Вьетнам делегациясын жетектеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4